Өзгөндө Садыр Жапаровдун сүрөтү менен илинген баннер алынып салынды

19-ноябрда соцтармактарга президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер тууралуу видео тарады. Тасманын автору үгүт иштери баштала элек эле, баннер илинип калганына нааразычылык билдирген.

Ошондой эле, автор тасма Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн имаратынын маңдайында тартылганын айткан. Баннерде Садыр Жапаровдун желектин фонунда түшкөн сүрөтү жана «Таза коом. Карызы жок Кыргызстан» деген жазуу бар.

«Урматуу примьер-министрдин милдетин аткаруучу, тиешелүү органдар жана БШК мүчөлөрү, бул жер Бишкекке кетчү чоң трасса. Бүгүн 18-ноябрь 2020-жыл. Боршайком, эмнени карап отурабыз? Мен бул сүрөттү азыр тишелеүү жактарга жиберем жана чара көрүүгө чакырам», — деген тасманын автору.

Ал эми аталган райондун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Мурзабеков «Клоопко» аталган баннер учурда алынып салынгандыгын билдирди.

«Жарнаманы илүүчү жай жеке ишкерге карайт. Ал адамды мен чакырып сүйлөшкөнүмдө “патриоттук сезимдери” менен илгендигин айтты. Өзүңөр деле көргөн чыгарсыңар, ал жерде үгүттөөчү сөз деле жок болчу негизи», — деп билдирди Мурзабеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген. Конституциянын жаңы долбоору талкууга коюлду. Долбоор жактырылса референдум президенттик шайлоо менен бирге өткөрүлөт. Мындан кийин гана жетинчи чакырылышка парламенттик шайлоо өтөт.

БШКнын маалыматы боюнча, учурда президенттикке 65 жаран талапкерлерлигин көрсөткөн. Анын ичинен экөө кайра арызын чакыртып алган. Ошондой эле, 62 жаран өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөн.

Шайлоого катышуу үчүн президенттин убактылуу милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 13-ноябрда документтерин тапшырган. Мындан сырткары талапкерлердин арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү «Кыш болбойт» мэминин автору Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, саясатчы Назарбек Нышанов жана парламенттин экс-депутаты Бектур Асанов бар.