Ошто адам өлтүрүүгө шектелип чет элдик жаран кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунун 20 жаштагы жашоочусунун сөөгү Ош шаарынын чоң көчөлөрүнүн биринен 19-ноябрда табылган. Ошондой эле, аны өлтүрүүгө шектелип коңшу мамлекеттин 27 жаштагы жараны кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, кармалган шектүү Ошто коомдук тамактануучу жайлардын биринде убактылуу иштөөгө келген.

«Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө маркум менен жөөлөшө кеткенин жана ал мас абалда болгонун айткан. Ошондой эле, ал анын намысына шек келтиргендиктен ачуусу келип жанында алып жүргөн бычак менен бир нече ирет сайганын айткан. Мындан сырткары шектүү өзү да мас болгонун белгилеп, маркум эсин жоготуп жыгылганда ага жардам бербей качып кеткенин билдирген», — деп Ош ШИИБден маалымдашты.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын майында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынан индиялык 23 жаштагы студенттин сөөгү табылган. Маркум сууга түшүп кеткенге чейин мас абалында болгону аныкталган.