Бишкек: Финпол Октябрь районунун акимин коррупцияга шектеп кармады

Финполиция 23-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь районунун акими Константин Куценкону кармады. Ал сот өкүмү боюнча конфискацияланган жер участогунун ээсин алмаштыруу боюнча жана коррупциялык схемага аралашкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу мекенин басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 2016-жылы айрым «кылмышкерлер» президенттин аппаратындагы аткаминерлер, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот системасынын дагы башка кызматкерлери менен туруктуу байланыш түзүп алышкан.

Андан соң алар «Г.Э.» ЖЧКсынын кызыкчылыгы үчүн соттук иштер менен чечимдерди жасалмалап, соттун өкүмү менен конфискациялана турган мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарышкан.

Аталган факт боюнча Жазык Кодексинин «Коррупция» беренеси менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда финполдун кызматкерлери бул кылмышка аралашкан башка дагы жогорку мансаптагы адамдарды издеп жатат.

Финпол кабарлагандай, ушул иштин алкагында буга чейин Бишкек шаардын сотунун жарандык иштер боюнча сектордун жетекчиси жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы кармалган.

Куценконун кылмыш иштери

Бул юрист Куценко фигурант болгон алгачкы кылмыш иши эмес. Ал мурдараак «Даймонд Сити» турак жай комплексин куруп жаткан Кытайдын B.L.S курулуш компаниясын рейдерлик басып алуу тууралуу ишинде шектүү катары өткөн.

Мындан тышкары, бул иш боюнча аталган басып алуунун уюштуруучусу катары экс-депутат Рустам Маманов, мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын тууганы жана Свердлов райсотунун мурдагы башчысы Элвира Жаркеева өтүп жатат. Жаркеева рейдерлердин пайдасына мыйзамсыз чечимдерди чыгарган деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Куценко B.L.S. компаниясындагы Кытайдын жарандарына каршы доо арыз жазган, тагыраагы, рейдерлер менен судья Жаркееванын ортосундагы ортомчу болгон. Кийинчерээк ал тергөө менен кызматташа баштап, судья рейдерлердин пайдасына чечим чыгарышы үчүн өзү ага 90 миң доллар бергенин айтып көрсөтмө берген.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Куценкону Октябрь районунун акимчилик кызматына 2-ноябрда дайындаган. Юрист жана БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев соттук териштирүүлөр аяктабаганына байланыштуу мындай дайындоого нааразы болгон. Анда Түлөбаев жаңы акимдин кылмыш иштери тууралуу кабары жок экенин билдирген.

Финпол Куценкону кармагандан кийин калаа мэринин милдетин аткаруучу аны Октябрь районунун башчысы кылып дайындаганы үчүн бишкектиктерден кечирим сурап, мындан ары «абайлап, сак болобуз» деп убадалаган.

Мындан тышкары, Константин Куценко тууралуу ал ММАнын чеберлер жана кыргыз панкратион лигасынын башчысы, ошондой эле Фитнес боюнча федерациясынын вице-президенти болуп саналат.

Ошондой эле Юстиция министрлигинин реестриндеги маалымат боюнча, Куценко үч компаниянын жетекчиси катары көрсөтүлгөн: «Жолборс Тим» спорт клубу, юридикалык кызматтарды көрсөткө «Констант компани» жана «Злата Кей Джи» коомду уюму.