Бишкектин эки районуна курулуш фирмасынын башчысы жана спорт клубдун мүдүрү аким болду

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Биринчи май районуна Максат Нусувалиев, Октябрь районуна Константин Куценко аким болуп дайындалганын билдирди.

Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев жана Октябрь районунун акими Константин Куценко

Буга чейин Биринчи май жана Октябрь райондорун Алибек Биримкулов жана Азамат Дороев жетектеп келген.

Константин Куценко Кыргызстандын ММА жана панкратион профессионалдык лигасынын жетекчиси жана Фитнес федерациясынын вице-президенти экени белгилүү.

Ошондой эле, Юстиция министрлигинин реестриндеги маалымат боюнча, Куценко үч компаниянын жетекчиси болуп көрсөтүлгөн — «Жолборс Тим» спорт клубу, юридикалык кызматтарды көрсөткөн «Констант компани» жана «Злата Кей Джи» коомдук уюму.

Ал эми Максат Нусувалиев буга чейин Жумуштуулукка жардамдашуу боюнча Бишкек башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин реестринде Нусувалиев «Оомат сервис» курулуш компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн.

Дайындоо тууралуу жарлыкка Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Бул анын кадрдык алмаштыруусунун алгачкысы эмес. Ал өзүнүн алкачкы иш күнүндө Бишкектин эки вице-мэрин — Виктория Мозгачева жана Алымбек Абдылдаевди жумуштан бошоткон .

Вице-мэрлер кызматтан кеткенден кийин мэриянын имаратынын алдында Мозгачева менен Абдылдаевдин өз ордуларына кайтып келишин талап кылган митинг өткөн. Алардын кызыкчылыгын коргоого мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кошулган. Көп өтпөй Алмамбетова өзү дагы жумуштан бошотулган.

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов 20-октябрда оставкага кеткен. Ал кетер алдында биринчи вице-мэрлик кызматка экс-мэр Нариман Түлеевди дайындаган — ал мэрдин милдеттерин аткармак. Бирок, Түлеевдин кызматка дайындалышына нааразы болгондор мэриянын алдында чогулушкандан кийин ал дагы отставкага кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА: