Сузакта бир тууган агасынан төрөгөн окуучу кыз баласынан баш тартты

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15 жаштагы окуучу кыз бир тууган агасынан үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда көз жарган. Учурда ал ымыркайдан баш тарткандыктан, азырынча наристени таежеси карап жатат.

Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Гүлнур Омошева «Азаттык» басылмасына кыз толгоо тарта баштаганда агасы Сузактагы Октябрь аймактык ооруканасына «сокур ичегиси ооруп жатат» деп алып келгендигин айтат. Омошева билдиргендей, кыздын жакындары анын ымыркай күтүп жатканын билишкен эмес.

«Аймактык ооруканасы кабыл албай койгондон кийин, шаардык төрөтканага барышкан. Секелек качан гана ооруканага келгенде толгоо тартып жатканын билип, салмагы 3 кг баланы төрөгөн. Азыр эне-баланын ден соолугу жакшы, бирок каны бир болгондуктан саламаттыгында маселе жаралышы мүмкүн», — дейт Омошева.

9-класста окуган карындашын 20 жаштагы бир тууган агасы мындан бир жыл мурун октябрь айында мас абалында зордуктаган. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, Сузак райондук соту 18-июлда шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кыздын апасы мындан эки жыл мурун Орусияга акча табуу үчүн кеткен. Ал эми сегиз бир тууган атасынын кароосунда болушкан.

«Эгер социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмү тарабынан жашы жете элек кызынын мындай абалга келүүсүнө жол берген ата-энесине да чара көрүү сунушу берилсе, муну мыйзам жагынан караса болот. Бирок азырынча мындай маселе жарала элек», — дейт Жээнтаев.

«Каниет» кризистик реабилитациялык борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова «Клоопко» өспүрүм кызга реабилитациялык жардам, укуктук, психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

«Кыздын апасы Орусиядан келүү үчүн учакка билет алыптыр. Жакынкы күндөрү келүүсү күтүлүп жатат. Кыз учурда үйүндө. Биздин борбор социалдык өнүгүү башкармалыгы менен кеңешип, апасы келгенден кийин кызды колдоого алалы деген чечимге келдик», — деди Аттокурова.

Жакындары тарабынан зордукталган кыздар

Буга чейин 11 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталып, анда 2018-жылы көз жарган. Жабырлануучу кыз атасы алты жыл бою зордуктап жүргөнүн эч кимге айта алган эмес. Анткени өз апасы «элдерге уят болобуз» деп тыйып келген. 2018-жылдын 27-февралында 53 жаштагы өгөй атаны Өзгөн райондук соту «зордуктоо» беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап 15 жылга кескен.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башында Араван райондук соту 15 жаштагы өз кызын зордуктоого күнөөлү деп табылган жаранды өмүр бою эркинен ажыраткан. Өспүрүмдүн атасы тарабынан бир жыл бою зордукталып жүргөндүгү ооруканага барганда билинген.

Өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров парламенттин 1-июнундагы отурумунда 2019-жылы үймө-үй кыдырып текшерүүдө 10-12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталганын билдирген. Аталган фактылар эч жерде катталбаганы белгилүү болгон.

Анын айтымында, 700 миң үйдү кыдырып текшерүүнүн жыйынтыгында 106 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталып каттоого алынган. Анын ичинен 5600 бала чоочун кишилердин кароосуна калтырылган: классташтарына жана коңшуларына.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2 462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36сы өзгөчө оор жана 2 248и жеңил.

Ошондой эле, жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталган. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийинки орунда 33 учур менен Бишкек шаары турат.