«Жапаровдун атынан». Башкы прокуратура «добуш сатып алуу» боюнча териштирүүнү баштады

Башкы прокуратура президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун атынан тургундарга гуманитардык жардам таратылып жаткан тасма боюнча териштирүүнү баштады.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө белгисиз кишилер «Хюндай-Портер» үлгүсүндөгү унаа менен жергиликтүү тургундарга азык-түлүк таратып жаткан тасма тараган.

«Бул көрсөтүлгөн жардамдын баары премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атынан. Садыр Жапаров өзү акырын жардам берип жатат, 100дөн ашуун үй-бүлөгө жардам берди», — деген жардам тараткан киши.

Башкы прокуратура тасмадагы унаа Ош облусундагы Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын тургунуна караштуу экенин билдирди. Аталган факт Бишкек ШИИБи тарабынан «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү ачты.

Буга чейин, 19-ноябрда, соцтармактарда Ош облусунун Өзгөн районунда Жапаровдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинген. Бул фактыга күбө болгон тургун үгүт иштери баштала элек эле, баннер илинип калганына нааразычылык билдирген.

Ошондой эле көзөмөл орган президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Москвадагы мигранттар менен жолугушуусунда «үгүттөө иштерин жүргүзгөндүгү» тууралуу материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясына жиберген.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалды. Ага катышууга 47 талапкер ат салышууда.