«Реформа» партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова жаңы жазылган Баш мыйзамды «азыркы саясатчылар өздөрүнө ылайыкташтырып жазып жатышат» деп билдирди. Анын айтымында, өлкө азыр артка кетип жатат.
Ошондой эле, Сооронкулова келечек муунга парламентаризм керектигин, жаңы конституция алардын жолун бууп жатканын жана баш мыйзам «бир кишиге» ылайыкталып жазылганын белгиледи.
«Эртеңки күндү ойлошубуз керек. Биз азыр бир кишини кумир тутуп, бир кишиге эле ылайыкташтырып жазып, бийликти ошонун колуна берип коёлу деп жатабыз. Бул туура эмес», — деген ал.
Сооронкулованын айтымында, шайлоо «лоторея» сыяктуу. Эгер президенттикке башка адам шайланып калса, ал жаңы конституцияны кандай кылып колдонуп кетерин эч ким билбейт. Ошондуктан бир кишиге ылайыкташтырылып жазылган Баш мыйзам жарабай турганын, ким келип-кетпесин система иштеши керектигин белгиледи.
Мындан сырткары, Сооронкулова азыркы колдонуудагы конституцияда адам укуктары кеңири жана так жазылганын, соттордун көз карандысыздыгы белгиленгендигин айтты. Анткен менен конституция «жасалма» болуп жатат деген пикирин кошумчалаган.
«Биз конституция менен жашаган жокпуз. Эгерде 2010-жылы кабыл алынган конституция менен жашап кетсек, биз өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарына кирип калмакбыз. Биз конституцияга дал келүүгө умтулгандын ордуна, тескерисинче өзүбүздүн төмөн деңгээлибизге түшүрүп жатабыз. Өзүбүз кетирген каталарды баш мыйзамга шылтап, кайра-кайра өзгөртүп жатабыз», — деген Сооронкулова.
Баш мыйзам кандай тартипте кабыл алынышы керек?
«Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу үчүн коомдо революциялык өзгөрүүлөр болуп, мурдагы Баш мыйзам жарабай калды деген талап чыгышы керек. Аны жаза турган адамдар бизге эски баш мыйзамдын эмнеси жарабай калганын негиздеп бериши керек. Жаңы конституциянын идеясы, концепциясы болушу керек. Мыкты юристтерден топ түзүлүп, алар долбоор жазып, аны талкууга чыгарып, анан добуш берүүгө коёт», — деди Сооронкулова.
Ал ошондой эле, жаңы конституцияга аябай көп философиялык жана моралдык терминдер киргенин билдирген. Анын айтымында, конституциядагы терминдер так болушу керек жана аны ар ким ар кандай мааниде талкуулганга жол бербеш керек. Себеби ал мыйзамсыздыкка алып келет.
Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова — «Реформа» партиясынын лидери жана «Укук мектеби» коомдук уюмунун жетекчиси. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, кийинчерээк «Улуттар биримдиги» партиясынын аткаруу комитетинин катчысы болуп иштеген. Ошондой эле ал Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болгон.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-жылы Сооронкулованы судьялыктан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Буга Сооронкулованын милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу мыйзамды «Конституцияга каршы келет» дегени себеп болгон.
Ошондой эле, Сооронкулова 11-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Боршайкомго арызын берген. «Президенттик институтту жоюп, анык парламентаризимди камсыз кылууга баратам», — деп жазган ал фейсбук баракчасында.
Конституциянын жаңы долбоору
17-ноябрда парламенттин 80 депутаты автор болду деген Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. Ошол эле күнү кечинде парламентарийлер демилгелеген түзөтүүлөр юрист, айрым депутаттар жана соцтармактын колдонуучулары тарабынан кескин сынга алынган. Алтургай социалдык тармактарда жаңы долбоор «Ханституция» деген атка да конду.
Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, ал беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, «Элдик курултай» органын киргизүү сунушталууда — ал «кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку орган» болмокчу.
Учурда Конституциянын жаңы жолбоорун Конституциялык кеңешме карап жатат. Ага 90го жакын киши кирген. Арасында юристтер, юридика илимдеринин докторлору, коомдук активисттер бар. Бирок сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы пикир билдирип чыккандар дээрлик жок.
Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталууда.
Тема боюнча:
Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?