Матраимов мамлекетке 646,6 млн сом кайтарды

Райымбек Матраимов 1-декабрга карата мамлекетке 646,6 млн сом төгүп берди. Бул тууралуу «Азаттык» Каржы министрлигине таянуу менен жазды.

Маалымат боюнча Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине акыркы жолу 110,4 млн сом которгон. Буга чейин 493,8 млн жана 42,3 млн сом төккөн.

Садыр Жапаров буга чейин Region телеканалына курган маегинде Райымбек Матраимов ноябрдын аягына чейин өлкөнүн бюджетине 2 млрд сом төгүп берет деп билдирген.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду быйыл 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Матраимов УКМКнын койгон айыптоосу боюнча үн ката элек.

Журналисттик иликтөө

Кыргызстанда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келген. Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген. Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Саймаити журналисттерге документтерди тапшырып берип, жеке өзүнүн көмөгү менен Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткенин айтып берген. Кийин финпол бул маалыматты тастыктап, ал тургай сумманы млрддан ашат деп билдирген. Саймаити иликтөө чыкканга чейин, 2019-жылдын ноябрь айында Стамбулдун кафелердин биринде киши колдуу болгон.