Тайырбек Сарпашев мамлекетке 500 гектардан ашуун жерди кайтарып берет

Тайырбек Сарпашев

Мамлекеттик катоо кызматынын экс-төрагасы, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 530 гектар жерди мамлекеттин балансына кайтарып берет. Бул тууралуу 1-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Каржы полициясы маалымдагандай, Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан, мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган жерди Торкен айылынын карамагына кийинки жумада өткөрүп берет.

Тайырбек Сарпашевге карата 27-ноябрь күнү мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Финполдун маалыматына караганда, Сарпашев «жогорку мамлекеттик кызматта иштеп турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алып, андан соң аларды жакын туугандарынын атына каттап, декларациясында жашырып келген».

Сарпашев финпол иликтеп жаткан дагы бир иштин фигуранты — ал качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланыштуу адамдардын мүлктөрүн камактан мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн коррупциялык схемага байланыштуу. Бул иштин алкагында 11-ноябрда Сарпашевдин үйү тинтүүгө алынган.

Сарпашевдин аты аталган кылмыш иштери

Тайырбек Сарпашев МККны 2015-2017-жылдары жетектеген. Ал шайлоодо добуш берүү үчүн биометрикалык маалыматтар системасын ишке киргизүүдө парламент депутаттарынын көп жолку сынына кабылган

Сарпашев Максим Бакиевге байланыштуу адамдарга таандык мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарган деп биринчи эле жолу шектелип жаткан жок.

Мындай айып Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылы дагы тагылган. Андан соң прокуратура өкмөткө Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуш берген.

Бирок Сарпашев өзү анын ысымын «кимдир бирөөлөрдүн ыплас схемаларында» колдонуп жатышканын айткан. Башкы прокуратура Сарпашевге каршы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин 2017-жылдын мартында козгогон.

Экс-аткаминер 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезде тендерди башка компания утуп алганына карабастан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн 40 миң бланкын «Учкун» басмаканасынан сатып алуу боюнча «мыйзамсыз» буйрук берген деп айыпталган.

Бланктар жараксыз болуп чыккан: туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн микротекстинде «Никелешүү тууралуу күбөлүк» деген жазуу болгон.

Бирок, Сарпашевдин айтымында, УКМК 2017-жылдын 12-июнунда кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти кароону токтоткон.

Ал эми 2018-жылы Сарпашев ага каршы козголгон кылмыш иштеринин баары токтотулганын билдирген.