МККнын экс-башчысы Сарпашевдин үйүндө тинтүү жүрдү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевдин үйүндө 11-ноябрга караган түнү тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, тинтүү иши коррупциялык схема тууралуу иштин алкагында жүргүзүлгөн. Ал схема аркылуу качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланыштуу адамдарга таандык мүлк камактан мыйзамсыз чыгарылган.

Бул иш боюнча буга чейин Бишкектин райондор аралык соту менен Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча судьялары кармалган.

Финполдон коррупциялык схема 2016-жылы түзүлүп, ага Мамкаттоо кызматынын, президенттик аппараттын жана сот ситемасынын кызмат адамдары аралашканын билдиришкен.

Сарпашевдин биринчи эле иши эмес

Тайырбек Сарпашев 2015-2017-жылдары МКК жетектеген. Ал шайлоодо добуш берүү үчүн биометрикалык маалыматтар системасын ишке киргизүүдө парламент депутаттарынын көп жолку сынына кабылган.

Сарпашев Максим Бакиевге байланыштуу адамдарга таандык мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарган деп биринчи эле жолу шектелип жаткан жок.

Мындай айып Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылы дагы тагылган. Андан соң прокуратура өкмөткө Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуш берген.

Бирок Сарпашев өзү анын ысымын «кимдир бирөөлөрдүн ыплас схемаларында» колдонуп жатышканын айткан. Башкы прокуратура Сарпашевге каршы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин 2017-жылдын мартында козгогон.

Экс-аткаминер 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезде тендерди башка компания утуп алганына карабастан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн 40 миң бланкын «Учкун» басмаканасынан сатып алуу боюнча «мыйзамсыз» буйрук берген деп айыпталган.

Бланктар жараксыз болуп чыккан: туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн микротекстинде «Никелешүү тууралуу күбөлүк» деген жазуу болгон.

Бирок, Сарпашевдин айтымында, УКМК 2017-жылдын 12-июнунда кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти кароону токтоткон.

Ал эми 2018-жылы Сарпашев ага каршы козголгон кылмыш иштеринин баары токтотулганын билдирген.