Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна маек куруп, Кыргызстандагы саясий абал жана кризистин шартында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ойлорун ортого салды.
Конституциялык реформа тууралуу суроого жооп берип жатып, Буриан жыйынтыгы таанылбай калган 4-октябрдагы шайлоодон кийин өлкөдөгу абал тездик менен өзгөргөнүн, бирок ал өзгөрүүлөр дайыма эле «туура багытта» болбогонун белгиледи.
«Алар шайлоонун бурмаланышына себеп болгон маселелерди түп-тамырынан чечүүгө эмес, кыска мөөнөттүк чечимдерге көңүл буруп жатты», — деп билдирди Буриан.
Ал азыр Кыргызстанда Конституциялык укук боюнча адистер жана саясий топтор чогулуп, азыркы кризиске эмне түрткү бергенин талдап, парламенттик демократияны бекемдеши керек деп эсептейт.
«Европанын жогорку комиссары биздин мындай позициябызды бир ай мурда да айткан. Венеция комиссиясынын корутундусу боюнча да ушундай билдирүүнү кайталайт болушубуз керек. Кыргызстандын Конституциялык палатасы шайлоолорго байланыштуу Венеция комиссиясынын позициясын сураган болчу. Натыйжада ал комиссия Кыргызстандын мөөнөтү бүтүп бараткан парламенти радикалдуу чечимдерди, өзгөчө конституциялык түзөтүүлөрдү кабыл ала албай турганын так белгиледи», — деп билдирди Евробиримдиктин өкүлү.
Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө шашылбаш керек
Буриандын айтымында, өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүүгө шашылган болбойт, ал үчүн жетиштүү убакыт жана шарт керек.
«Биз таза жана акыйкат шайлоодо шайланып келген парламент бул процесстин башатында турушу керек жана зарыл болсо ошол парламент Конституцияны өзгөртүшү керек деп эсептейбиз. Биз азыр кандайдыр бир элементтерди көрүп жатабыз. Конституциялык кеңешме түзүлгөнүн көрдүк. Бирок бул жетишсиз. Кеңири саясий топтордун, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана юристтердин башын бириктирген процесс болушу зарыл», — деп эсептейт Буриан.
Ошол эле учурда атайын өкүл Евробиримдик Венеция комиссиясы аркылуу да өз кеңештерин бергенге даяр экенин, бирок акыркы чечим кыргыз элинин өз колунда экенин кошумчалады.
«Бизди Кыргызстандагы парламенттик демократиянын келечеги кызыктырат. Мындай башкаруу модели башкалар үчүн да үлгү болот деп ойлойбуз. Бул модель иштебейт экен деп андан оолактабай аны бекемдөө зарыл деп эсептейбиз», — деди ал.
Кризис жана жаңы Конституция
Конституциялык реформа жүргүзүү зарылчылыгын Садыр Жапаров тарапташтарынын жардамы менен абактан бошотулуп, президенттин милдетин аркалай баштагандан кийин айта баштаган.
Жапаров Кыргызстанда президенттик башкаруу формасы болушу керек деп эсептейт. Жапаровдун демилгеси менен парламенттик шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылып, конституциялык реформа башталган. Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин жогорулатуу» үчүн керек деп актанган.
Бирок Юристтер Жапаров Конституцияны бузду жана Кыргызстанды укуктук нуктан кризисти карай түртүүдө деп айтышкан.
Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, ошол эле күнү юристтер, активисттер жана бир катар депутаттардын кескин сынына кабылган. Ошондой эле жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрбөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышкан.
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт деп тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.
Ар жекшемби күндөрү Бишкекте Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы тынчтык марштары өтүп жатат.