Ош шаарында кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилди

Сүрөт: Феридебегим Мойдинова

Ош шаарында 3-декабрдан тартып кинотеатрлар, интернет клубдар, жана балдар ойноочу жайлар иштей баштайт. Ошондой эле кафе-ресторандарга адам саны боюнча коюлган чектөөлөр алынды. Мындай чечим Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, коомдук жайларда санитардык талаптар так аткарышы шарт.

Ага ылайык, коомдук жайлардагы кызматкерлер жана кардарлар бет кап тагынуусу керек. Ошондой эле, кинотеатрларда көрүүчүлөр шахмат иретинде отуруп, орундуктардын 50% гана ээлениши керек.

Бишкек шаарындагы кинотеатр, фудкорттор жана компьютердик клубдар 1-декабрда ачылган. Уруксат берилген жайлардын баары санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга тийиш.

Коронавирус пандемиясына байланышытуу калаадагы түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик оюн клубдары, тамактануучу жайлар жана соода-көңүл ачуучу борборлордогу балдар үчүн оюн аянтчалары профилактикалык максатта үстүбүздөгү жылдын 16-мартында жабылган болчу.

2-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 73 513кө жетти. Ал эми илдеттен 65 189 киши сакайып, 1 277 бейтап көз жумду.