Акыркы суткада коронавирустун жаңы 420 учуру катталды, төрт бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 3-декабрда коронавирустун жаңы 420 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 179;

Чүй облусу — 112;

Ысык-Көл — 35;

Ош облусу — 26;

Жалал-Абад облусу — 15;

Баткен облусу — 28;

Ош шаары — 8;

Талас облусу — 13;

Нарын облусу — 4.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 73 933кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 665.

Ошондой эле, акыркы суткада 400 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 99, Жалал-Абад облусунда — 50, Ош облусунда — 21, Ош шаарында — 55, Баткен облусунда — 37, Чүй облусунда — 86, Ысык-Көл облусунда — 35, Нарын облусунда — 12, Талас облусунда — 5 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 65 589 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 689 бейтап, ал эми үй шартында 3 570 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — үч жана Ош облусунан — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 281 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.