«Судьялар ийкемдүү». Сооронкулова Конституциялык палатанын чечими тууралуу үн катты

«Реформа» партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова Vesti.kg басылмасына курган маегинде Конституциялык палатанын парламенттик шайлоону жылдырууну таанып, Конституциялык реформа жүргүзүүнү мыйзамдуу деп атаган чечими тууралуу ой бөлүштү.

Анын айтымында, ал башында Конституциялык палата даттануусун колдоп берет деп ишенген, бирок кийин жыйынтыгы күтүлгөндөй болгон эмес. Ал мындай чечими парадоксалдуу деп атады.

«Мен мындайды биринчи жолу көрүп жаткан жокмун. [...] Соттор жүзүн сактап калууга аракет кылышат. Анткени, мыйзамды бир күндүн ичинде кабыл алуу мүмкүн эместиги айдан ачык. Алар ашыкча теорияларды башташат, түшүнүксүз негиздемелерди ойлоп табышат. Мындай учурда абийир аныктоочу фактор болуп калбайт жана бул өкүнүчтүү», — деп айтты Сооронкулова.

Сооронкулова кошумчалагандай, ал «бийлик маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууга сөзсүз кийлигишерин» билет, себеби мурда Конституциялык палатанын судьясы болуп иштеген.

Сооронкулова Конституциялык палатанын ар бир судьясынын алдында алардын кызмат ордуна кайрадан дайындалышына байланыштуу маселе болот, ошондуктан судьялар «азыркы бийликтин алдында ийкемдүү болуп берүүдө» деп эсептейт.

Конституциялык палатанын чечими

Конституциялык палата 2-декабрда парламенттик шайлоону жылдыруу жана конституциялык реформа жүргүзүү боюнча мыйзамдын жобосун таанып, аны Конституциялык мыйзамга каршы келбейт деген бүтүм чыгарган.

Парламент шайлоону жылдыруу жана референдум өткөрүү тууралуу мыйзамды кабыл алуу менен мыйзам бузган деген арызды Клара Сооронкулова, активисттер Нурлан Касымбеков жана Таалайбек Усубалиев жазган.

Доогерлер парламент Конституциянын нормаларын бузганын аныктаган, анткени депутаттар мыйзам долбоорун коомчулуккка жарыяланган күнү дароо эле үч окууда кабыл алган. Мында доо арыз бергендер жарандардын талкууга алуу укугу бузулган деп эсептешет.

Бирок Конституциялык палата мыйзамды ыкчам түрдө жана коомдук талкууга койбостон кабыл алса болот деген чечим чыгарган.

Сооронкулова палатанын отурумунда парламенттик шайлоону артка жылдыруу жана реформа жүргүзүүнүн зарыл экендигине ынандыра турган бир дагы негиздүү аргумент уга албагандыгын айткан.

«Айткандарынын бардыгы болбогон актануу. Алар бардык жерде өзгөчө кырдаал режимине таянып жатышат. Белгилей кетким келет, ӨК режимин жарандык коргоо жөнүндө мыйзамы жөнгө салат», — деп айткан ал.

Тема боюнча: