Кадыр Маликов дин ишмерлери экстремизмге аралашууда делген тасма боюнча ИИМге арыз жазды

Кадыр Маликов

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов интернетке тараган тасма боюнча ИИМге арыз жазды. Анда Маликовдун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акин Токталиев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкери Акимжан Эргешев, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров жана диний ишмер Умар Кулов менен жолугушуусундагы аудио жазуу колдонулган.

Тасма «Кыргызстанда ИГИЛ кургулары келишет» деген жазуу менен коштолгон. Маликов аудио жазууда анын сөздөрү бурмаланып, Кадыр Маликов Кыргызстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» экстремисстик тобун колдойт деген таризде көрсөтүлгөнүн айтат.

Интернет пабликтерде жана тайпаларда тарап жаткан видеонун мукабасы.

Маликовдун айтымында, «динге каршы маалыматтык согуш» башталды.

«Азыр “иликтөө жүргүзүш керек” деп арыз жазам. Мунун артында ким турат, кандай максаты бар? ИИМдин 10-бөлүмүнө, УКМКга да кайрылам. Ал жакта бизди жаманатты кылып жатышат. Бизди ИГИЛге байланыштырып жатышат. Бул атайын жасалып жатат, салттуу динге каршы маалыматтык согуш жүрүп жатат», — деди ал. Муфтийдин орун басары тасмада радикалдык чакырыктар жок экенин айтууда.

Интернетте тараган видеодо диний ишмерлер Конституциядагы исламдын ролун талкуулашкан, ошондой эле саясатчылар диний ишмерлердин пикирлери менен эсептешиши керек экендиги айтылган.

Кадыр Маликов буга чейин бийликке кайрылып, Конституциянын жаңы долбооруна «жараткандын» атын кошуп жазып, светтик өлкө деген түшүнүктү, диний баалулуктардын ордун, ролун, корголушун жана өнүгүшүн чечмелеп берүү сунушун айткан.

Ал ошол себептен исламдын өлкөдөгү баркын арттыра турган айрым түзөтүүлөрдү сунуштаган. Ал тургай, анын көз карашын кенен түшүндүрүп берген тасмалар сериясын чыгарган.

Ага чейин Конституциянын жаңы долбоорун түзөтүүнү Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты, учурдагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы башчысы Акин Токталиев сунуштаган. Анын сунушунда Баш мыйзамдан светтик мамлекет деген жерди алып салыш керек экендиги айтылган.