«Клооптун» Чаткалдагы кабарчысынын сурагы. Сотко чейинки өндүрүш кыскартылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук ички иштер башкармалыгы «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштү кыскартты. Бул тууралуу «Клооптун» Чаткалдагы кабарчысы Аскарбек Мырзабеков кабарлады.

Мырзабеков 4-декабрда РИИБге чакырылган. Ага сотко чейинки өндүрүш ал сурак берген күнү эле кыскартылганын билдиришкен. Буга «кылмыштын курамы жок болгондугу» себеп болгон. Арызданган депутаттар сурак берип жатканда, аларга жана алардын үй-бүлөсүнө карата «шантаж же зордук-зомбулук» болбогонун билдиришкен.

Анткен менен Чаткал РИИБи сурак учурунда Мырзабековго карата басым жана коркутууларды, ошондой эле тергөөчү видеону өчүрттүргөнүн моюндаган жок.

Аскарбек Мырзабековдун айтымында, ал милицияга 4-декабрда барганда анын жактоочусу Уткир Жаббаров тергөөчү менен сүйлөшүп турган.

«Мен келгенде адвокат тергөөчү менен сүйлөшүп туруптур. Сүйлөшүү учурунда тергөөчү [Марат Жабайкулов] тарабынан басым жана коркутуулар боюнча сөз болгон жок. Бирок ал [Жабайкулов] анын аты [“Чаткал Көйгөйү”] группада чыкса мени биринчи кармай турганын айткан да. Тергөөчү иш кыскартылганын айтып, токтомдун көчүрмөсүн берди», — деди Мырзабеков.

Мырзабеков тергөөчү Жабайкулов буга чейин жергиликтүү акыйкатчы менен сүйлөшкөн учурунда да басым жана коркутууларды моюндаган эместигин кошумчалады. Бирок Мырзабеков өзүнүн көрсөтмөлөрүнөн баш тартпай турганын белгиледи: тергөөчү анын телефонундагы жеке жазышууларды окуп, жыйындын тасмасын өчүрттүрүп, кармоолор менен коркуткан.

Мырзабеков жергиликтүү кеңештин депутаттарынын анын үстүнөн милицияга арыз жазганы боюнча Чаткал райондук сотуна даттанмакчы.

«Клооптун» кабарчысын суракка алуу

Буга чейин Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 21 депутаты УКМК, райондук прокуратурага жана милицияга 26-сентябрда арыз менен кайрылышкан.

Депутаттар аларды соцтамактарда «такталбаган маалыматтар» менен сындап жүргөн экоактивист Бакыт Тургуналиевге даттанышкан. Тергөөнүн алкагында «Клооптун» кабарчысы Аскарбек Мырзабеков жана оператор Калыйбек Нурдинов күбө катары суракка чакырылышкан. Буга Мырзабеков менен Нурдинов 27-августта болгон Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын жыйынын тасмага тартканы себеп болгон.

Аталган жыйынга Чаткал районунун тургундарынан турган «Чаткал көйгөйү» тобу, жергиликтүү депутаттар жана «Вертекс Голд Компани», «Чаарат ЗААВ», «Кичи Чаарат» алтын казуучу компаниялардын өкүлдөрү катышкан. Жыйында тургундардын айылдык кеңештин депутаттары алтын өндүрүүдө цианид колдонууга уруксат берген токтомду жокко чыгарып берүү талабы талкууланган.

Мырзабеков жыйындын тасмасыны Youtube-каналына жүктөп, аны шилтеме аркылуу гана көрүүгө мүмкүн болгон.

Депутаттар бул жыйындын тасмасы «бир беткей, такталбаган маалыматтар» менен бирге соцтармактарга тарап, алардын аброюна шек келтиргенин билдиришкен. Мындан сырткары, депутаттар бул «маалыматтар адамдар ортосунда пикир келишпестикке, чагыштырууга чейин алып барып, фирмалардын ишин токтотуу үчүн элди провокацияга үндөп жатат» деп эсептешкен.

Мырзабековдун айтымында, 25-ноябрда суракка барганда Марат Жабайкулов андан жыйында тартылган тасманы көрсөтүүнү талап кылган жана басым көрсөткөн. Мындан сырткары тергөөчү журналисттин Whatsapp мессенджериндеги жазышууларын окуп, Youtube-каналына жүктөлгөн тасманы өчүрттүргөн.

Бул окуядан кийин «Клооп Медиа» коомдук фонду тергөөчү Жабайкуловдун аракеттерине Башкы прокуратурага даттанды. Себеби Мырзабековдун телефонунда сакталган фото жана видео «Клооп Медианын» тапшырмасы менен тартылып, сакталган. Алар тоо кендериндеги мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу маалымдоо ниетинде тартылган.

Депутаттардын Мырзабековго доосу жок

«Клооп» укук коргоо органдарына кайрылган айрым депутаттар менен байланышты. Журналисттерге маек курган депутаттар Аскарбек Мырзабеков жана оператор Калыйбек Нурдиновго эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.

«Ал балага арыз жазган жокпуз, Бакыт Тургуналиев дегенге жазылган. Ал балага эч нерсе жазылган эмес. Ал балага нааразычылыгым да жок, ага мен суроо эле бергенмин: “Сен эгерде видеону тартсаң, аны бирөө монтаждап чыгарса, сен жооп бересиңби же монтаж кылган адам жооп береби?” деген суроо бергенмин. Ал “мен жооп бербеймин деген”, болду», — деди Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Самат Жолдошов.

Жолдошовдун кесиптеши Абдразак Алмырзаев бул арызга кол койгонун, бирок журналистке карата чара көрүүнү суранбаганын билдирди.

«Ал жерде Аскар, анын жанында оператор болуп келген Калый аке жөнүндө жазылганын билбейт экенмин. Кийин биздин милициядан чакырып, көрсөтмө алышты. Эч кимге деле арыздана турган нерсем жок. Болгону “ошол жердеги [Whatsapp группадагы] жаман сөздөрдү тастыктап берсин” деп эле көрсөтмө бергем. Ал эми Аскардын чогулушту тартканына эч кандай деле каршылыгым болгон эмес», — деди Алмырзаев.