Радио жыштыктарын сатуу иши: МБАнын экс-башчысы тергөө менен кызматташмай болду

Радио жыштыктарын сатууга байланыштуу иш боюнча камакта болуп жаткан Мамлекеттик байланыш агенттигинин (МБА) экс-башчысы Наталья Черногубова үйүнө кайтты: 24.kg сайтынын маалыматына ылайык, экс-аткаминердин баш коргоо чарасы ал тергөө менен кызматташууга макул болгондугу үчүн өзгөртүлгөн.

Учурда УКМКнын ТИЗОсунда радио жыштыктарын сатуу ишине байланыштуу дагы бир нече фигурант калууда. Анын ичинде «Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров бар. Халдаровдун туугандары ал катуу ооруп жатканын, ага тез арада операция керектигин айтышкан болчу.

Радио жыштыктарын сатуу иши

Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция фактысынын үстүнөн 2020-жылдын апрелинен тарта Аскер прокуратурасы менен УКМКнын тергөө тобу иштей баштаган. Анда 12-майда атайын кызматтын тергөө изоляторуна киргизилген Черногубова радиожыштыктарды сатууда жана байланыш стандарттарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу операторлордун биринин лицензиясын кайрадан каттоодо уюлдук оператор менен, ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТжБМК) менен жең ичинен сүйлөшүүгө барууга айыпталгандыгын УКМК билдирген.

Черногубованын артынан дароо УКМКнын дагы эки кызматкери жана МТжБМКнын эки кызматкери, ошондой эле «Ала-ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалган.

Депутат Ирина Карамушкина УКМКнын ишин сынга алып, «Ala-TVнын радио жыштыгын сатуу иши боюнча органдар өздөрү белчесинен коррупцияга баткан» жана «силердин төрага баштаган [ошол кездеги УКМК төрагасы, 5-6-октябрдагы саясий кризистен кийин дайынсыз жоголуп, ИИМ тарабынан издөөгө алынган Орозбек Опумбаев] бир нече кызматкериңер бул коррупциялык схеманы көзөмөлдөп турган» деп билдирген. Бирок кийин тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берген учурда УКМКнын төрагасы Карамушкинанын айыптоолоруна жооп кайтарган эмес.

Көп өтпөй бул кылмыш ишине ошол кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат тараган. Абылгазиев чырдын шарты менен өргүү алып, андан соң отставкага кеткен. Бирок бул иште Абылгазиев фигурант болуп-болбогону туралуу расмий айтылган эмес.