Акыркы суткада коронавирустун жаңы 328 учуру катталды, беш бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Республикалык штабдан 6-декабрда коронавирустун жаңы 328 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 122;

Чүй облусу — 87;

Ысык-Көл — 48;

Ош облусу — 12;

Жалал-Абад облусу — 13;

Баткен облусу — 17;

Ош шаары — 11;

Талас облусу — 12;

Нарын облусу — 6.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 74 973кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 489.

Ошондой эле, акыркы суткада 455 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 109, Жалал-Абад облусунда — 86, Ош облусунда — 29, Ош шаарында — 11, Баткен облусунда — 44, Чүй облусунда — 110, Ысык-Көл облусунда — 42, Нарын облусунда — 17, Талас облусунда — 7 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 66 993 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 551 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 110 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 3 441 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — үч, Чүй облусунан — эки COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 295 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Мындан сырткары, өлкө боюнча алты медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан жана Жалал-Абад облусунан — экиден, Чүй жана Баткен облустарынан — бирден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада тогуз медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 968ге жетти, анын ичинен 3 669 медкызматкер илдеттен айыкты.