БШК президенттик шайлоого көз салуу үчүн 43 эл аралык байкоочуну каттады

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өтө турган кезексиз президенттик шайлоого 43 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Ошондой эле, байкоочулар жети жергиликтүү жана жети эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болоору айтылууда. Бул тууралуу «24 kg» басылмасы БШКнын 6-декабрда өткөн кезектеги жыйынына таянып маалымдады.

Анын ичинде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын, Молдова жана Азербайжан мамлекеттеринин боршайкомунун байкоочулары да бар.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ОБСЕнин адам укуктары институтунун өкүлдөрү да мониторинг кылаарын белгилеген, анткен менен алар азырынча арыз бере элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Буга чейин БШК мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган талапкерлердин тизмесин жарыялаган.

Алгач өлкө башчылыкка 65 киши аттанган, бирок эки талапкер — политолог Бакыт Бакетаев жана Жыпаркул Тургуналиев — документтерин кайрадан чакыртып алышкан. Учурда президенттин милдети Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн.

Билдирмени толтуруп «Клооптун» байкоочусу болуңуз

«Клооп» да Кыргызстандагы бийлик алмашуу менен коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда президенттик шайлоо болушунча ачык жана акыйкат өтүшүн максат кылып, Кыргызстандын ар бир булуң-бурчунан эки миңден ашуун байкоочуну алат.

Бизге эркиндикти кепилдеген механизмдердин бири — бул таза шайлоо. Шайлоону мыйзам бузуусуз өткөргөндү үйрөнгөндө гана өлкөбүздө революция болду жана ал жемишин берди деп айта алабыз.

Ал үчүн өлкө боюнча ар бир участокко көз салып, ар бир бузууну каттап, ошол замат ЖМКларга жарыялап, андан соң арыздарды берүү керек. Бул ар бирибиздин колубуздан келет.

Жашы 18ден жогору болгон өлкөнүн бардык жарандары. Биз үчүн сиздин кайсыл тилде сүйлөгөнүңүз, иштеген жана жашаган жериңиз маанилүү эмес. Эң башкысы, сизде өлкөгө таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн каалооңуз маанилүү.

Сиз 2020-жылы декабрда үзгүлтүксүз окуудан өтүүгө даяр болушуңуз керек.

Президенттик шайлоодо «Клооптун» командасынан байкоочу болгуңуз келсе, бул шилтеме аркылуу формага өтүп, аны 10-декабрга чейин толтуруп жибериңиз.

Тема боюнча:

Шайлоодо «Клооптун» байкоочусу болууну каалагандардын саны 1000ден ашты! Кошулгула!

Революция бүткөн жок: «Клооптун» байкоочусу болуп таза шайлоону камсызда