Мэрдин м.а. Түлөбаев өзүнө жаңы кеңешчи дайындады. Ал «Чоң-Казат» партиясынын мүчөсү

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Асхат Осмонов мэрдин м.а. Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болуп дайындалганын маалымдады. Бул тууралуу 8-декабрда өткөн мэриянын кеңешмесинде белгилүү болду.

Буга чейин Осмонов Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы митингде колдоо көрсөтүүнүн ордуна ага жогорку кызмат убада кылганын айткан.

Асхат Осмонов — «Чоң Казат» партиясынын курамында 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Ал партиянын тизмесинде 15-орунда турган жана ал жакта жумушсуз катары көрсөтүлгөн.

Ал 6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынгандан кийин Бишкек мэринин кызмат ордуна күрөшкөнү менен белгилүү. Бирок кийинчерээк ал бул дымагынан баш тартып койгон.

«Мен мэр, вице-мэр, аким кызматтарынан баш тартам жана коррупциялашкан чиновниктерден арылыш үчүн люстрация талап кылууга Бишкек мэриясына барам», — деп жазган Асхат Осмонов.

Мэрдин кеңешчисинин кызмат ордунда буга чейин Гуля Алмамбетова иштеген. Аны ээлеген кызматынан мэрдин м.а. Балбат Түлөбаев бошоткон.

Бишкек мэриясындагы кызмат талашуу

6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынып, саясий кризис башталгандан кийин Бишкек мэринин орду талашка түшкөн. Азиз Суракматов мэрлик ыйгарымдарын тапшырган соң калаа башчысынын милдетин аткарууну Нариман Түлеевге өткөрүп берген. Түлеев бул кызматта бир суткага жетпеген убакыт олтуруп, эртеси отставкага кеткенин жарыялаган.

Мэрлик кызматты «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков дагы мээлеген. 23-октябрда Жунусбеков басма соз жыйын куруп, аны Садыр Жапаров колдоп жатканын жана мэрлик кызматты 26-октябрдан тартып аркалап баштоого даяр экенин билдирген.

Бирок, 27-октябрда Садыр Жапаров мэрдин милдетин аткаруучу кызматына Балбак Түлөбаевди дайындаган. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун башчысы болуп иштеген.

Ал эми «профессионал митингчи» катары таанымал болгон Төрөхан Жунусбеков 8-декабрда «Мегаком» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.