Финпол: Оштогу автомектептин бири казынага 2 млн сомдой зыян келтирген

Иллюстративдик сүрөт

Салык төлөөдөн качкан Ош облусундагы автомектептердин кылмыштуу схемасынын бети ачылды. Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, «А.П.» жоопкерчилиги чектелген коомунун автомектептеринин бири бюджетке 2 млн сомдой зыян келтирген.

Аталган кылмыш иши Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептерден айдоочулук күбөлүк алган курсанттар жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтарды салыштырганда аныкталган.

Бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары уланууда. Ошондой эле, ведомство аймактарда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрөрүн белгиледи.

Буга чейин финпол Эсеп палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча тескөөчүсү бюджеттен 13 млн сомго жакын каражатты мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалганын кабарлаган. Шектүү Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.