Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы отурумунда депутаттар референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Парламенттин жыйынына 63 депутат катышканы айтылды.

Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү «кол көтөрүү» ыкмасы менен мыйзам долбоорун жактырды — бирок алардын так саны белгисиз. Ал эми долбоорго беш депутат каршы болду. Алар: Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков жана Евгения Строкова.

Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорунда кыргызстандыктарга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушталат. Аталган мыйзам долбоорун депутат Акылбек Жапаров демилгелеген.

Алгач, 3-декабрда, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин тогуз мүчөсү долбоорду жактырып, парламентке талкууга жиберген. Кийинчерээк комитеттин бир нече мүчөлөрү мыйзам долбоору комитетте каралбаганын жана бул регламентке туура келбегенин айтып чыгышкан.

Мыйзам долбоорду демилгелеген Акылбек Жапаров бул маселе комитетте талкууланбаганын тастыктап, сурамжылоо ыкмасы колдонулганын айткан.

«Комитетте булар “кворум чогулта албай жатабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз” дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү», — деген Акылбек Жапаров.

Буга чейин Жогорку соттун Конституциялык палатасы өлкөдө референдум өткөрүү Конституцияга каршы келбейт деген чечим чыгарган.