Текебаев референдум боюнча: Депутаттардын колу-бутун кайрып кол койдуруп алган

Өмүрбек Текебаев. Сүрөт: «Азаттык»

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин комитетинде каралбаганын, бул регламентке каршы келерин «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин 2021-жылдын 10-январында өлкөдө референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору комитетте жактырылганы белгилүү болгон. Референдумда жарандарга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушталат.

Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоорду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин талкуусуна коюуга он күндөй убакыт болгон. Буга карабастан бул маселе комитетте каралган эмес.

«Садыр Жапаров “консультативдик референдум болот” деп 7-каналдан айткандан бери он күн өттү. Он күн ичинде комитеттин жыйынын чакырганга эч ким аракет кылган жок. Комитет мүчөлөрүнө мыйзамдын долбоорун таратып беришкен жок. Бир-бирден кол койдуруп алды. Муну мен “алдамчылык” жана “уурулук” деп атайм. Он күн ичинде жок дегенде беш жолу жыйын чакырса болот эле да. Комитет эмес, президенттин аппаратындагылар эле депутаттардын колу-бутун кайрып кол койдуруп алган деп эсептейм», — деп билдирди Текебаев.

Анткен менен Жогорку Кеңештин комитетинин 17 мүчөсүнүн тогузу мыйзам долбоорун колдоп, кол коюшкан. Комитеттин калган жети мүчөсү долбоорду колдогон эмес — алардын арасында Текебаев да бар.

Комитеттин башка мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева да мыйзам долбоорун карап чыгуу үчүн комитеттин отуруму болгон эместигин «Кактус» басылмасына айткан.

Ал эми референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбооруну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров комитетте сурамжылоо ыкмасы колдонулганын айтты.

«Комитетте булар “кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз” дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү», — деди Акылбек Жапаров.

Азыркы учуруда референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда.