Темирлан Султанбеков Конституциялык реформаны колдой турганын айтты

Жаш саясатчы, «Социал-Демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков 7-декабрь күнү «Саясий Коктейль» берүүсүндө Конституциялык реформаны колдой турганын билдирди.

«Жеке мен өзүм президенттик же парламенттик башкаруу форма болобу-жокпу Конституциялык реформаны колдойм. Мен көбүнесе парламенттикке тартам. Бирок Кыргызстанда классикалык түрүндө парламенттик да, президенттик да система болгон эмес. Бизде бардыгы аралаш», — деди Султанбеков.

Анын ою боюнча, Конституциянын жаңы долбоору «президенттик болуп саналбайт». Ал тандемдик системаны кошуу менен аны президенттик кылууну сунуштады — парламенттик жана президенттик шайлоону бир күнгө дайындоо. Султанбековдун ою боюнча, бул учурда президент да, премьер-министр да админресурс колдоно албай калат.

Алып баруучу Султанбековго суроо узатып, Жапаровго Атамбаевдин электораты керек болгону үчүн келе жаткан шайлоодо ал экөөнүн биригүүсү мүмкүнбү деп сурады.

Султанбеков билбесин, бирок окуя ушундай болуп уланышы толук мүмкүн деген болжоосун айтты.

«Менин билишимче, Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаров, Сабыр Жапаров жана башка Жапаровдор менен тыгыз байланышта. Алар Атамбаев экс-президент болгондон кийин бир эмес, бир нече жолу сүйлөшүшкөн. Менин маалыматыма ылайык, Садыр Жапаров абакта отурганда дагы Атамбаев менен сүйлөшкөн. Ошондук ушундай болушу толук мүмкүн», — деп жооп берди ал.

Мурда Султанбеков Садыр Жапаров башында турган өкмөттө иштөөдөн баш тартканын, анткени министрлер кабинетинин легитимдүүлүгүнөн күмөн санааарын билдирген. Ошол эле учурда, «Жапаровдо маалыматтык ачкачылык болбой, түрдүү маалымат жана альтернативдүү көз караш болушу үчүн» коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп берүүгө даяр экендигин айткан.

Темирлан Султанбеков Бишкекте 9-октябрда болгон массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 10-октябрда кармалган.

Ал Жапаров коомго коркунуч туудурбаган саясий атаандаштарга карата кылмыш куугунтугуна жол берилбеши керек деп билдирип аны коргоп чыккандан кийин бошотулган. Ал учурда Өмүрбек Бабанов жана Жанар Акаев дагы Султанбековду колдоп чыгышкан.

14-октябрда Султанбеков Садыр Жапаров менен жолуккан. Социал-демократтын айтымында, ал жолугушууда Жапаровго эл колдоосуна ээ кенин жана ката кетирүүгө укугу жоктугун айткан.