УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, кримтөбөл Женгонун жакын кишиси кармалып, ведомствонун Оштогу тергөө абагына киргизилгенин маалымдады. 31 жаштагы кишинин полиэтилен баштыгынан героин табылган — «Башкага берүү максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарын жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндъръш башталды.
Буга чейин, 10-декабрда УКМК «Женго» каймана аты менен таанымал Досоновго тиешелүү УКТнын активдүү эки мүчөсү колго түшүрүлүп, алар эл алдында УКТнын иштерине аралашпай турганын билдиргенин маалымдаган. Ал эми Женгого — Кадыр Досоновго издөө жарыялаган.

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун башчысы болгон. Ал 2013-жылы киши колдуу болгон полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен 2015-жылы кармалган.
2017-жылы Кара-Суу райондук соту эгерде айыптоочу тарап кийинки инстанциясына арыз менен кайрылбаса, соттолуучуну токтоосуз бошотуу чечимин чыгарган.
Милиция буга чейин 2019-жылдын октябрында Досоновду кармаган. Анда Досоновдун айдоочусу милицияга баш ийбей, кийин унаадан курал табылган. Айдоочуга административдик протокол толтурулуп, Женго профилактикалык сүйлөшүүдөн кийин коё берилген.

2019-жылдын сентябрь айында «Азаттыктын» корреспонденти Ыдырыс Исаков социалдык тармакка Женго менен Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаевдин жолуккан видео жарыялаган.
Саркарбаев — спортчу, эрежесиз мушташ боюнча өлкөнүн көп жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Матраимовдорго тиешелүү EREM спорт клубунда машыккан.
Ошол эле клубдун дагы бир спортчусу Төлөгөн Рахманберди уулу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видеокайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутуна тапанча менен атканын тастыктаган. Ошондой эле Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов экөө аны «арыз жазба» деп коркутканын айткан.