Финполдун экс-башчысы 2-февралга чейин УКМКнын изоляторуна киргизилди

Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таировдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2021-жылдын 2-фералына чейин тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Таировдун баш коргоо чарасы боюнча чечимди сот 11-декабрда чыгарып, ал УКМКнын тергөө изоляторунда (ТИЗО) кармалмай болду.

Финполдун мурдагы жетекчиси УКМК тарабынан 10-декабрда кармалып, атайын кызматтын ТИЗОсуна киргизилген. Ал кайсыл бир саясий партияны каржылоо үчүн ири суммадагы акча алган деп шектелүүдө.

Таиров жана Матраимовдордун үй-бүлөсү

2019-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери Кыргызстандан 700 млн доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөө жарыялашкан.

Иликтөөнүн башка фигуранты— экс-бажычы Райым Матраимов болгон. Бирок, Матраимовдор кланынан тышкары иликтөөдө Бакир Таировдун дагы аты аталган.

Журналисттердин колуна тийген маалыматка ылайык, депутат Искендер Матраимовдун жубайы Миновар Жумаева «AKA Immobilien»компаниясынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Финполдун эск-башчысы Бакир Таиров дал ушул «AKA» компаниясы менен байланышы бар — Таировдун агасы Искендер «AKA Petroleum» компаниясынын бизнес-өнөктөшү болгон. Искендер Таиров каза болгондон кийин «AKA Petroleumдун» иштери анын жесири Чолпон Элмуратованын жана бир тууган Таировдордун күйөө баласы Токтосун Туманбаевдин колуна өткөн.