Сарпашев 1000 чарчы метрлик имаратты мамлекетке өткөрүп берүүнү убадалады

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы жана мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аянты 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты Токтогул районундагы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин 15-декабрда, Финполго суракка кирерден мурда билдирди.

Ал башынан эле тергөө менен кызматташууга жана бардык суроолорго жооп берүүгө даяр болгонун белгиледи. Анын айтымында, имаратты окутуу борбору, мектеп, бала бакча же спорт клубу катары пайдаланууга болот.

«Бул имаратты туугандарым 20 жыл мурда сатып алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө дарегин айтып жана көрсөтүп берем. Имарат жер тилкеси менен Токтогул районунда, Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан. Мамлекеттин социалдык муктаждыктарына керек болот деп ойлойм», — деп билдирген ал.

Ноябрдын аягында финпол МККнын мурдагы башчысы мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Сарпашев «жогорку мамлекеттик кызматта иштеп турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алып, андан соң аларды жакын туугандарынын атына каттап, декларациясында жашырып келген».

Мыйзамсыз баюу иши боюнча Сарпашев мамлекетке 500 гектар жайыт жана сугат жерлерди кайтарып берген. Бул жерлер Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлгөн. Буга чейин жердин документтери мурдагы вице-премьердин жакын туугандарынын атына катталган болчу

«Сарпашев мыйзамсыз жыйнаган мүлкүн өз каалоосу менен кайтарып берүү келишиминин биринчи этабын аткарып жатат. Финпол органдары кайтарылган жер тилкелеринин Торкен айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон, муктаж жашоочуларына бөлүнүп берилишин көзөмөлгө алат», — деп билдиришкен ведомстводон.

Финполдон кошумчалагандай, Сарпашевдин калган мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Сарпашевдин кылмыш иштери

Сарпашев финпол иликтеп жаткан дагы бир иштин фигуранты — ал качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланыштуу адамдардын мүлктөрүн камактан мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн коррупциялык схема тууралуу иш. Бул иштин алкагында 11-ноябрда Сарпашевдин үйү тинтүүгө алынган.

Бул иш боюнча 2017-жылы Сарпашевге айып тагылган. Андан соң Башкы прокуратура өкмөткө Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуш берген. Ошондо ал МККнын жетектеп турган.

Бирок Сарпашев өзү анын ысымын «кимдир бирөөлөрдүн ыплас схемаларында» колдонуп жатышканын айткан. Башкы прокуратура Сарпашевге каршы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин 2017-жылдын мартында козгогон.

Экс-аткаминер 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезде тендерди башка компания утуп алганына карабастан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн 40 миң бланкын «Учкун» басмаканасынан сатып алуу боюнча «мыйзамсыз» буйрук берген деп айыпталган.

Бирок, Сарпашевдин айтымында, УКМК 2017-жылдын 12-июнунда кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти кароону токтоткон. Ал эми 2018-жылы Сарпашев ага каршы козголгон кылмыш иштеринин баары токтотулганын билдирген.