Финпол: Сарпашев мамлекетке 500 гектар жерди кайтарып берди

Экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мыйзамсыз баюу тууралуу иштин алкагында мамлекетке 500 гектар жайыт жана сугат жерди кайтарып берди. Бул тууралуу Каржы полициясы билдирди.

Сүрөт: Финполдун басма сөз кызматы

Сарпашев кайтарган жер Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү. Жердин документтери буга чейин экс-вице-премьердин туугандарына катталган болчу.

«Сарпашев мыйзамсыз жыйнаган мүлкүн өз каалоосу менен кайтарып берүү келишиминин биринчи этабын аткарып жатат. Финпол органдары кайтарылган жер тилкелеринин Торкен айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон, муктаж жашоочуларына бөлүнүп берилишин көзөмөлгө алат», — деп билдиришти ведомстводон.

Финполдон кошумчалагандай, Сарпашевдин калган мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. Тергөө амалдарын андан ары улантуу үчүн 9-декбарга кайрадан суракка чакырылган.

Сарпашевдин кылмыш иштери

Сарпашев финпол иликтеп жаткан дагы бир иштин фигуранты — ал качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланыштуу адамдардын мүлктөрүн камактан мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн коррупциялык схема тууралуу иш. Бул иштин алкагында 11-ноябрда Сарпашевдин үйү тинтүүгө алынган.

Бул иш боюнча 2017-жылы Сарпашевге айып тагылган. Андан соң Башкы прокуратура өкмөткө Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуш берген. Ошондо ал МККнын жетектеп турган.

Бирок Сарпашев өзү анын ысымын «кимдир бирөөлөрдүн ыплас схемаларында» колдонуп жатышканын айткан. Башкы прокуратура Сарпашевге каршы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин 2017-жылдын мартында козгогон.

Экс-аткаминер 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезде тендерди башка компания утуп алганына карабастан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн 40 миң бланкын «Учкун» басмаканасынан сатып алуу боюнча «мыйзамсыз» буйрук берген деп айыпталган.

Бирок, Сарпашевдин айтымында, УКМК 2017-жылдын 12-июнунда кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу ишти кароону токтоткон. Ал эми 2018-жылы Сарпашев ага каршы козголгон кылмыш иштеринин баары токтотулганын билдирген.