Баткен: Ак-Сайда жоголгон эки жылкы боюнча ишти кыргыз-тажик тарап териштирмей болду

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары 16-декабрда тоскон Ак-Сай — Ворух жолу ачылды. Учурда аталган облустагы чек аралаш аймактарда абал тынч жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы 17-декабрда маалымдады.

Аталган айылдын тургундары жолду айылдан эки жылкы жоголгондон кийин тосуп алышып, малды табуу талабын коюшкан.

«Тургундар жылкылардын изи тажик айылы тарапка кеткендигин билдиришкен. Андан соң тургундар менен Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана Тажикстандын Исфара районунун акими чогулган эл менен жолугушкан. Жолугушуудан соң чогулган эл тарап, тосулган жол ачылды», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мал уурулук боюнча эки өлкөнүн ички иштер башкармалыгы териштирүү ишин баштай турганы макулдашылган.

Буга чейин мындан бир жыл мурда да Ак-Сай айылынын тургундары Исфара — Ак-Сай — Ворух жолун тосушкан. Тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө келген милиция кызматкерлерине айыл тургундары жолду ачуудан баш тартышып, таш ыргытышкан.

Чыр талаштуу жайга орнотулган асабанын айынан келип чыккан. Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканын кабарлаган.