Ош: Сот отурумунан кийин терезеден качкан прокурор жумуштан алынды

Сарыков

Ош шаарында сотко катышкандан кийин терезени сындырып качкан облустук прокуратуранын улук прокурору Союзбек Сарыков 17-декабрда кызматтан алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан кол коюлду. Ал эми, Ош облустук прокуратурасынын жетекчилигинин үстүнөн жогорудагы жагдай боюнча кызматтык иликтөө уланууда», — деп жазылат пресс-релизде.

Буга чейин соцтармактарда 12-декабрда Сарыков «мас абалында сотко катышкандан кийин терезени сындырып качып кетти» делген тасма тараган. Тасмадагы аял Сарыковго кайрылып «Сен мас абалыңда менин уулумдун тагдырын чечтиңби?» деп нараазы болгон.

Ал аялдын суроосун жоопсуз калтырып, шаардык соттун имаратындагы бөлмөлөрдүн бирине кире качкан. Кийинчерээк Сарыков кабинеттин терезесинен качып чыгып кеткен.

Окуядан соң облустук прокуратура кызматтык иликтөөнү баштаган. Ошондой эле Ош ШИИБи Сарыковдун үстүнөн «Ээнбаштык» беренеси менен тергөөнү баштаган.

Бул боюнча Сарыков өзү да комментарий берип, терезеден качканын тастыктаган — муну ал «өз коопсуздугуна байланыштуу мажбур болгону» менен түшүндүргөн. Бирок ал мас абалда болгонун четке каккан.

«Мага белгисиз кишилер чагымчыл суроолорду берип, башка койгулап жиберишти. Өмүрүмө кол салуу болбосун деп, тергөө судьясынын кабинетине кирүүгө мажбур болдум. Кабинетке кирип жатканымда “буга окшогон прокурорлорду чаап салыш керек, кармагыла” деп жатышты. Өзүмдүн коопсуздугум үчүн терезеден качып кетүүгө аргасыз болдум», — деген ал.

Ошондой эле ал «буга чейин пневмония менен ооруп, жумушка 7-декабрь күнү чыкканын» айтып, ден соолугу «кайра начарлаганынан ооруканага көрүнүп жүргөнүн» кошумчалаган.

Ошто «терезеден качкан» прокурор: Өмүрүмдү сактап калууга аракет кылдым

Ош: «Мас абалында сот отурумуна катышкан» прокурордун үстүнөн иликтөө башталды