«Шректин эркегисиң». Жалал-Абадда бир аялды сабаган эки аял беш жылга кесилди

Дисклеймер: Тасмада зомбулук кадрлары бар. Эгерде бул нерсе сизге жагымсыз сезимдерди тартууласа, көрүүдөн баш тарканыңыз оң.

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаардык соту «сен Шрэктин эркегисиң, селсаякка окшоп жүрөсүң» деп атаган аялга бычак такап, ур-токмокко алган эки аялды беш жылга эркинен ажыратты. Өкүм 11-декабрда чыгып, Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Соттолуучулардын бири 23 жаштагы Ош облусунун тургуну коюлган айыпты жарым-жартылай моюндап, жабырлануучудан кечирим сураган. Анткен менен жабырлануучу соттон айыпталуучулар мыйзам чегинде жоопко тартылуусун талап кылган.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 17-августунда Жалал-Абад шаарындагы көп кабатуу батирлердин биринде орун алган. Жабырлануучунун берген көрсөтмөсүнө ылайык, аны сабаган эки аял окуя болгон күнү ага телефон чалып үйүнө барарын айтышкан. Ал дарегин айтып, сыртка чыгып аларды тосуп алган.

«Малика менен Наргиза менин батириме келишкен кезде мас болушкан. Биз Малика экөөбүз окуядан мурун эле тааныш элек, жакшы мамиледе болчубуз. Пикирибиз келишпей урушуп кеткенден кийин, ал мага чалып келерин айтканда макул болгом», — деп айткан жабырлануучу көрсөтмөсүндө.

Анын айтымында, Малика аны «сен эмнеге мени шылдыңдайсың, эмнеге мага жаман сөздөрдү айтасың, сөзүңө жооп бересиңби?» деп анын чачынан кармап, сабап, андан кийин жыгытып, үстүнө отуруп алып ургулаган. Кийинчерек аны менен кошо келген Наргизага ашканадагы бычакты алып келүүгө буйруп, бычак такаган. Мындан сырткары аны баарын видеого тартып туруусун айткан.

«“Бычакты мага берчи союп салайын, мен сага караганда мыкаачыраакмын, Москвада көп адамды өлтүрүп келгем” деп айтып, такаганда мойнум кесилип канап кетти», — деген жабырлануучу.

Ал эми айыпталуучу Малика жабырлануучу ага вотсап аркылуу «сен Шрэктин эркегисиң, селсаякка окшоп жүрөсүң» деп билдирүү жазгандан кийин жаңжалдашып кетишкенин айткан. Андан кийин ал жолугуп сүйлөшүүнү сунуштаган.

«Коркутуу үчүн Айгеримдин мойнуна бычакты эки мүнөтчө такап турдум. Андан кийин эшиктен коңшу эже келип калганда, бычакты килемдин алдына коюп, батирден чыгып кеткенбиз», — деп билдирген Малика.

Окуяны милицияга аялдардын чырдашып жаткан үнүн угуп калган жабырлануучунун коңшусу маалымдаган. Ал соттук отурумда батирден «жардамга» деген аялдын кыйкыргын угуп эшикти ачканын тастыктаган. Ал кирген учурда Малика Айгеримдин мойнуна бычак такап турган.

Аталган факт Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейин тергөөгө алынган. Ал эми Малика ошол эле күнү тергөө изоляторуна камакка алынган. Окуя тууралуу видеотасма социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.