Жазмакер жана журналист Жаныбек Жанызак дүйнө салды

Жазмакер Жаныбек Жанызак жана анын кызы Айпери. Сүрөт: Айпери Жанызакованын фейсбук баракчасынан алынды.

Жазмакер жана журналист Жаныбек Жанызак 17-декабрда көпкө созулган оорудан улам каза болду. Ал 69 жашта болчу. Бул тууралуу анын кызы Айпери Жанызакова фейсбук баракчасына жарыялады.

«Кымбаттуум атам, сиз бүгүн апам мененсиз. Сиздин жашооңуз үчүн талыкпай күрөштүк, сиз чыныгы баатырсыз. "Мен сизди жакшы көрөм, Атаке" деген менин акыркы сөзүмдү уктуңуз. Сиз каалагандай небереңиздин атын Семетей коём», — деп жазган Жанызакова.

Жанызак акыркы убактарда залалдуу шишик оорусу менен алпурушуп, дарыланып жүргөнүн кызы социалдык тармактарда жазып жүргөн болчу.

Маркум кыргыз гезиттеринин сайтын биринчилерден болуп ачкан. «Асаба», «Аалам» гезиттеринде эмгектенген. Ошондой эле, кыргыз тилинде журналистика тармагы боюнча алгачкылардан болуп китеп жазган — «Фото кыйынбы же оңойбу?», «Фотографияны кантип үйрөнүш керек?»

Жанызак 2006-жылы «Азаттык» басылмасына курган маегинде өзүн ар тараптуу адам экендигин айтып, жаңычыл, прогресске умтулган жазмакер, фотограф катары сыпаттаган. Ошондой эле, ал сексуалдык тарбияга багытталган кыргыз тилиндеги алгачкы «Пайшамба», «Каттама» деген гезиттерди чыгарган.

«Абдан таң каласың, жашоонун “баланча” бөлүгү “ушул”, бирок "ал жөнүндө" эч ким эч нерсе дебейт. “Кой деле билет да” деген сөздөр бар. Айланайын, кой койчо билет, кел, адамча үйрөнөбүз», — деп айткан «Азаттыкка» курган маегинде.

Ошондой эле, Жаныбек Жанызак кыргыз тилиндеги ө, ң, ү тамгаларын компьютерге ылайыкташтыргандардын бири. Microsoft Word программасында Janyzak деп ал түзгөн кыргызча шрифт бар.

Буга чейин 30-апрелде акын жана журналист Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал 44 жашта болчу. Ажыматов да «Асаба» гезитинде эмгектенген. Жакындарынын айтымында, Ажыматов кан басымы капыстан түшүп кеткендиктен каза болгон.