24 жаштагы жигит депутат Жумалиевден 20 миң доллар опузалаган — Биринчи май РИИБи

Акча опузалоого шектүү адам. Сүрөт: Бишкектин Биринчи май РИИБи

Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы 24 жаштагы бала депутат Кубанычбек Жумалиевден 20 миң доллар опузалаганын маалымдады. Жумалиев бул окуя боюнча арыз менен 5-декабрда милицияга кайрылган.

ИИБдин маалыматына караганда, өзүн финполдун кызматкеримин деп тааныштырган жаш жигит Жумалиевге карата козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн акча опузалаган. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Опузалоо» беренеси менен катталган.

Шектүү жаран 20-декабрда 2 миң доллар алып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Шектүү жаран апасы менен чогуу жашарын жана убактылуу эч жакта иштеберин айтып берди. Ал кылмышка акча жоктугунан барган. Кармалган жарандын финполго эч кандай тиешеси жок экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Финполдон «Клооптун» журналистине билдиришкендей, кармалган адам ведомствонун кызматкери эмес. Ошондой эле, мекеме Жумалиевге карата тергөө уланып жатканын баса белгиледи.

«Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев финполдун жетекчиси болуп дайындалгандан кийин депутат Жумалиевге карата сотко чейинки тергөө иштери башталган. Жапыкеев Жумалиев 2,5 млрд доллларга чамалуу байлыгын күмөндүү жол менен жыйнаган деген пикирин буга чейин көп ирет айткан. Ошондой эле, депутаттын байлыгын текшерүүнү талап кылган.

Жапыкеев финполдун башчылыгына дайындалгандан кийин ведомствонун кызматкерлери депутаттын туугандарына таандык болгон «Гоин» жана «Таатан» соода борборлорунда, ошондой эле Маалымат технологиялар эл аралык университетинде тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчерээк Жумалиев Жапыкеев ыйгарым укуктарынан аша чапканы үчүн аны сотко берерин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: