Финпол Жумалиевдин «Гоин» жана «Таатан» соода борборлорунда тинтүү жүргүзүп жатат

Финполициянын кызматкерлери депутат Кубанычбек Жумалиевге таандык «Гоин» жана «Таатан» соода борборлорунда, анын ичинде Эл аралык маалыматтык технологиялар университетинде тинтүү жүргүзүп жатышат. Финполдун учурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев «Чоң Казат» партиясынын лидери болуп турган учурунда эле депутатты мыйзамсыз байыган деп айыптап чыккан.

Тинтүү иштери жүргөнү тууралуу маалыматты Kaktus.media жана «Вечерний Бишкек» басылмаларына ырасташкан. Журналисттердин маалыматына караганда, тинтүү иштери күндүн экинчи жарымында Жумалиевдин үч кеңсесинде тең бир убакта башталган.

Ал эми 20-октябрда финпол Башкы прокуратура каттоого алган Жумалиевдин мүлктөрүнө байланышкан кылмыш иши өндүрүшкө алынгандыктан ага Кыргызстандан сыртка чыгууга тыйуу салынганын кабарлаган.

Финполдун маалыматы боюнча, тергөөнүн алкагында Жумалиев негиздөөчү же жетекчи болгон, же уставдык капиталда үлүшү болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган. Мындан тышкары, депутаттын жакын туугандарынын көптөгөн мүлкү да табылган.

«Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев бул окуяга чейин үч күн мурда, тагыраагы, 17 октябрда финполдун башчылыгына дайындалган.

Чоң казат

Үстүбүздөгү жылдын май айында «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев өзүн прокуратуранын мурдагы кызматкеримин деп тааныштырып, парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев коррупциялык иштерге аралашкан жана анын мүлкүн тартып алыш керек деп билдирген.

Анын айтуусу боюнча, Жумалиев 2,5 млрд долларга ээлик кылат, ошондой эле анын менчигинде фабрикалар, клиникалар, жүздөн ашуун батир жана хан сарайлар бар. Мындан тышкары, Жапыкеев Жумалиев мүлкүн күмөндүү жол менен тапкан деп айтып, аны текшерүүнү талап кылган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

Кийинчерээк ИИМ Жумалиевдин арызы боюнча Жапыкеевдин айткандарынан зомбулукка жана массалык акцияларга чакырыкты тапкан. Ал эми Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген. Жумалиев ар убактарда премьер-министр, транспорт жана жолдор министри кызматтарын аркалап келген.

Ошондо «Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү соцтармактарындагы барактарында парламентарийдин болжолдуу мүлкү жөнүндө маалыматты жарыялашкан. Мындан тышкары, «Экономист» басылмасы да Жумалиев жана анын жубайына таандык болгон 50 фирма тууралуу маалымат чыгарган. Андан кийин эле финпол парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Финполдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттоого алган. Мындан тышкары, финпол Жумалиевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Мындан кийин Жумалиев «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, ИИМге арыз менен кайрылган. Депутаттын адвокаты арыз «Канат Хасанов депутат Кубанычбек Жумабековду оор кылмыш кылды деп ачык айыптаганына байланыштуу» берилгенин жазган.

Бир айдан кийин сот Жумалиевдин үйүндөгү тинтүү иштерин мыйзамсыз деп таап, ЭКККМКнын кызматкерлерине карата жеке аныктама чыгарып берген. Кийин тинтигүүгө уруксаат берген ЭКККМКнын тергөөчүсү Наргиза Артышова иштен четтетилген.

Августта сот парламентарийдин Жапыкеевге карата койгон доосун жарым-жартылай канааттандырган. 6-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жапыкеевдин депутаттын дарегине айткан сөздөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тааныган.

Сот ошондой эле активистти 10 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарган, ал эми депутат Жумалиев 10 млн сом өлчөмүндө доо койгон эле. Мындан тышкары, судья Жапыкеевди фейсбук барагында өз сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирген.