МКК: Жаңы жарандык паспорт 2021-жылдын апрелинен тарта берилип баштайт

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорт 2021-жылдын апрель айынан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 21-декабрдагы басма сөз жыйында билдирди.

«Бүгүнкү күндө жаңы паспорттордун сигналдык бланктары келип түштү. Эми биздин паспортторду дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен легалдыраштыруу процесси жүрөт. 2021-жылдын апрель айынан тарта жаңы электрондук паспортторду берүүнү пландап жатабыз», — деди Батырканов.

Анын айтымында, өкмөт электрондук биометрикалык паспортторду киргизүү чечимин 2015-жылы кабыл алган. Ал эми 2016-жылы паспорттун дизайны бекитилген.

МКК 2018-жылы электрондук паспорттордун бланктарын алууга 1,2 млрд сомдук тендер жарыялаган болчу. Анда тендерге «Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы» (Казакстан), Mühlbauer ID Services GmbH (Германия), IDEMIA Identity and Security France (Франция) жана Garsu Pasaulis (Литва) компаниялары катышкан.

Натыйжада кызмат акысын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңүүчү деп табылган.

Бирок Mühlbauer ID Services GmbH жана IDEMIA Identity and Security France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдирип, конкурстук комиссиянын чечимине даттанышкан.

2019-жылдын февраль айында, УКМК кылмыш ишин козгоп, Garsu Pasaulis компаниясы МККнын аткаминерлери менен жең ичинен келишимге барышкан деп билдирген. Ал эми сот тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарган.

Бул иш боюнча «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директору Талант Абдуллаев, МККнын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана МККнын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев кармалган. Соттун чечими боюнча аларга 500 миң сом айыппул салынган.

МККнын мурдагы башчысы Алина Шаикова жаңжалдын шартында кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал эми ММК жаңыдан тендер жарыялап, аны германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы утуп чыккан.