Жалал-Абад мэриясы жаңы жылдык балатыны жасалгалоого 800 миң сом коротту

Жалал-Абад шаарындагы балаты. Сүрөт: «Турмуш» басылмасынан алынды

Жалал-Абад мэриясы жаңы жыл майрамына карата казынадан 800 миң сом бөлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Калаага балаты 15-декабрда орнотулду.

«Бөлүнгөн каражатка балатынын айланасы, шаар ичиндеги көчөлөр, Эркиндик аянты жасалгаланат. Былтыр Жаңы жылга карата казынадан 1 млн 500 миң сом каралып, тендер боюнча бир млн сом коротулган. Быйыл 200 миң сомго үнөмдөдүк», — дешти мэриядан.

Ал эми, Ош шаарында Жаңы жыл майрамына карата балатыны жандыруу аземи 25-декабрда өткөрүлөт. Мэриянын маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркуловдун айтымында, казынадан балатыны жасалгалоого 600 миң сом бөлүнгөн.

«Былтыркы жасалгалардын 70%ы жарабай калгандыктан быйыл да жаңы алууга туура келди. Былтыр болсо 1 млн сомдон ашуун каражат кеткен», — деди Кадыркулов.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы Жаңы жылдык балаты 10-декабрда жандырылган. Андан сырткары башкы балатыны жандыруу салтанатына мурдагыдай ырчы-чоорчулар катышкан эмес. Ошондой эле, салют дагы аттырылган эмес. Борбордун бюджетин үнөмдөө максатында быйылкы балаты былтыркы жасалгалар менен кооздолгон.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев Жаңы жыл күнү майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт деп билдирген. Мындай чечим бюджетти үнөмдөө жана пандемиянын шартында оорунун жайылуусун алдын алуу максатында кабыл алынгандыгын айткан.

Түлөбаевдин айтымында, майрамдык иш-чараларга 4 млн сомго чукул каражат керектелет. Калаа башчысы бул каражаттарды «башка пайдалуу нерселерге» жумшоо туура болоорун белгилеген.