Ошто жаңы салынган жугуштуу оорулар бейтапканасы иштей баштады

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова

Коомдук саламатттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 22-декабрдагы брифингде Ош шаарындагы жеңил конструкция менен салынган оорукана бүткөрүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, учурда 100 орундуу жугуштуу оорулар бейтапканасы толук кандуу иштеп баштады.

Буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орунга ылайыкташкан жеңил конструкциядагы оорукана Өзбекстандын колдоосу менен Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын аймагына да курулган.

Бейтапкананын курулушу ноябрь айында башталган болчу. Бейтаптарды дарылоодо Өзбекстандан тажрыйбалуу дарыгерлер келип, баткендик кесиптештери менен тажрыйба алмашуу болоору айтылган.

22-декабрга карата өлкө боюнча коронавирустун 79 429 учуру катталды. Анын ичинен 5 473ү Ош шаарынан аныкталган. Аталган аймакта коронавирустан жалпысынан 5 105 бейтап сакайып, 69 бейтап каза болду.