«Же ары, же бери эмес». Дарыгерлер өкмөттөн компенсация ала албай кыйналууда

Медик болуп иштеген Жамал Тазабекованын үй-бүлөсү азыркы күнгө чейин өкмөттөн компенсация ала элек. Тазабекова 2020-жылдын жай айларында коронавирустун кесепетинен көз жумган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова фейсбук барагына жазды. «Клооп» бул окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.

Иш учурунда COVID-19 жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондордун жакындарына 1 млн сом компенсация төлөнүшү керек. Кенемте төлөө тууралуу чечимди саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы кабыл алат. Комиссиянын курамында эпидемиолог, юрист жана башка адистер бар.

Жамал Тазабекова

Баялинованын айтымында 71 жаштагы Жамал Тазабекова ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын ординатору болуп иштеген. Дал ушул фактор бардык документтердин топтолгонуна карабай, анын жакындарына компенсация алууга тоскоол болууда.

Баялинованын маалыматына караганда, саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы бул учур компенсация төлөө жөнүндөгү ведомствонун буйруктарына жана өкмөттүн токтомуна туура келбейт деген жүйөө менен бардык документтерди четке каккан.

Ошондой эле, анын айтымында комиссия Тазабекованын акыркы иштеген жери саламаттык сактоо министрлигинин курамына кирбеген ИИМдин Медкызматы болгондугун белгилеген. Андыктан саламаттык сактоо министрлигинин компенсация төлөп берүүгө укуктук жана башка нормативдик негизи жок.

Баялинова ондогон медиктердин үй-бүлөсү «кызмат учурунда көз жумгандыгы үчүн» компенсация ала электигине көңүл бурган.


«Демек, Кыргызстанда медиктердин өлүүгө гана укугу бар экен да. Каза болгондон кийин, алардын эмгегин адилеттүү баалап, арбагын сыйлап коюуга башка “укуктук-нормативдик негиздер” жок турбайбы», — дейт ведомствонун мурдагы кызматкери.


Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ведомствого баш ийбеген ооруканалардын кызматкерлери бул компенсацияны ала албайт. Бул тууралуу 13-ноябрдагы брифингде айтылып, кийин 21-декабрда мекеменин юристтери «Клоопко» тастыкташты.

Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев эмгек кодексине ылайык, кандай гана жумуш берүүчү болбосун өзүнүн кызматкерлерин СИЗ жана башка санитардык шарттар менен камсыздоого тийиш экенин айткан. Ошондой эле оору жуктурган учурда дагы — жумуш берүүчү кенемте төлөп берүүгө милдеттүү.

Ошондой эле, 29-июндан тартып «Медкызматкердин макамы жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген толуктоолор күчүнө кириши керек болчу. Ага бардык медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ӨА жана ӨК режиминдеги эмгек кепилдиги жана эмгек шарты тууралуу жаңы бөлүм киргизилген.

Ошол эле жерде медиктерге берилүүчү кенемтенин так өлчөмүн аныктоочу чаралар көрсөтүлгөн. Мыйзам күчүнө кирер замат өкмөттүн медкызматкерлерге кенемте төлөө жөнүндөгү буга чейинки буйруктары жана токтомдору күчүн жоготот.

Бирок бул мыйзам өкмөттүн аппараты төлөөнүн тартин бекитбегендиктен азырынча иштей элек.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан азыр документтерди вице-премьерлер менен премьер-министрдин милдетин аткаруучу карап жатканын билдирди. Бирок бекитүү кайсыл стадияда каралып жатканын тактоого мүмкүн болгон жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча жооптуу адиси Индира Жумабаева, мыйзам толук кандуу иштеп баштаганда ведомстволор дагы ушундай эле атайын комиссия түзүүсү керектигин айтты. Ал комиссия кызматтык иликтөө жүргүзүп, өзүнүн кызматкерлерине кенемте төлөө үчүн каржы министрлигинен каражат бөлдүрүүнү ишке ашырат.

Мындай мекемелерге президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын оорукана, коргоо министрлигинин, ИИМ жана ЖАМКтын медициналык кызматтары кирет.

ИИМде эмне кеп?

Тазабекова эмгектенген Ош облустук ички иштер башкармалыгы болсо медкызматкерге ИИМ системасында дагы компенсация каралбагандыгын билдирди. Анткени ал аскерге милдеттүү эмес, жалданма кызматкер болгон.

Бирок ведомствонун басма сөз кызматкеринин айтымында, бул маселени чечүү үчүн Ош облустук администрациясынан, Ош шаардык мэриясынан жана башка мекемелелерден атайын өтүнүч даярдалып, ушундай суроолорду карап жаткан ИИМге караштуу атайын комиссияга жолдонгон.

ИИБнин басма сөз катчысы ведомство документтерди Бишкекке жөнөтөрдөн мурун бир нече жолу толуктап, текшерип чыкканын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясынын маалыматына карганда, 21-декабрга карата 200 миң сом өлчөмүндөгү кенемтени 608 медкызматкер алган. Дагы 529 арыз боюнча комиссиянын иши жыйынтыкталса төлөнөт. Баары болуп комиссия 2 350 арыздын 1 137син жактырган.

Коронавирустан каза болгондордун ичинен 32 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сом төлөнгөн. Бирок, коронавирустан каза тапкан медиктердин саны өлкө боюнча 80ден ашат.