Юрист Токтакунов депутаттардын үстүнөн УКМКга арызданды

«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси жана юрист Нурбек Токтакунов 22-декабрда парламент депутаттарынын үстүнөн УКМКга доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу юрист фейсбук барагына жазган.

Анын айтымында, депутаттар башкаруу формасы боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкуусуз кабыл алган.

«Документтин автору Акылбек Жапаров, 22-декабрда кызматын тапшырууну чечкени айтылган вице-спикер Мирлан Бакиров, эксперттик топтун мүчөлөрү жана президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өз милдеттин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыктан, мыйзам чыгаруу жараянындагы милдеттүү деген талаптардын көз жаздымда калышынан улам мыйзам коомчулукта кеңири талкууланбастан кабыл алынды», — деп жазган юрист.

Анын ою боюнча, депутаттар кызматтык абалынан пайдаланып, укукка каршы туруктуу байланыш түзүп, мыйзамды одоно бузуу менен элди талкууга катышуудан жана референдумду дайындоо тууралуу мыйзамдын кабыл алынышынан четтетишкен. Юристтин айтымында, ушуну менен депутаттар Жазык кодексинин «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча кылмыштарга барышкан.

Юрист референдум тууралуу мыйзамды коомдук талкуудан өткөрбөй кабыл алуу коомчулуктун референдумдун жыйынтыгына каршылыгын күчөтүп, эл арасындагы ажырым коркунучун пайда кылат деп эсептейт.

«Анткени улуттук коопсуздуктун көз карашынан алып карасак, мыйзам долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү процедурасынын негизги максаты бул коомчулуктун маанайын аныктоо, сунушталып жаткан актыга көпчүлүктүн каршы чыгышын азайтуу жана коомдогу ажырымды болтурбоо максатында жалпы элдик консенсусту табуу эмеспи», — дейт Токтакунов.

Башкаруу формасы боюнча референдум

Кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында бир күндө өтөт өтөт.

Башкаруу формасын аныктоого багытталган референдум өткөрүү мыйзамын парламент 10-декабрда, дароо үч окууда жактырган. Мыйзам долбооруна макул деп алтымыш депутат добуш берген. Ага болгону төрт каршы добуш берген — Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева жана Каныбек Иманалиев.

Кыргызстандыктар референдумда парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандап, же «баарына каршы» деген вариантка добуш бериши керек.

Референдум —Жапаровдун 6-октябрда тарапташтары тарабынан колониядан бошонгондон кийинки өзүн колдогондорго берген убадаларынын бири.

Юристтер жана көз карандысыз байкоочулар референдумду дайындоодо көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганын айтып чыгышкан. Алардын ою боюнча, аны жалгыз демилгелеген алтынчы чакырылыштын депутаты Акылбек Жапаров Конституцияны бузду жана анда бул долбоорду чыгарууга да ыйгарым укугу жок болчу.

Алар президенттик шайлоо менен референдумдун бир күндө өтүшүнө макул эмес. Алардын пикиринде, кыргызстандыктар талапкерлердин шайлоо алдындагы программасы менен таанышып, референдумга коюлган суроолорду талдап чыгууга үлгүрбөйт.

Ал эми Жапаров акча үнөмдөп калуу үчүн референдум менен президенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштаганын билдирген. Ал толкундоолордон кийин өлкө жарандарын ушул маселе тынчсыздандырат деп эсептейт.