Бишкекте асынып алды делген аскердин өлүмү териштирилет

Иллюстративдик сүрөт

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жүрүп, асынып алды делген жоокердин сөөгү 22-декабрда жерге берилди. Маркум Ош облусунун Өзгөн районундагы Алга айылында туулган. Ал 22 жашта болчу.

Бексултан Адылбек уулу Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөнүнө үч ай болгон. ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Оторбаев «Азаттык» басылмасына жоокердин сөөгү аталган аскердик бөлүктө 21-декабрда асынган абалда табылганын маалымдаган.

Анын айтымында, бул боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасына кабарланып, сотко чейинки териштирүү башталган. Учурда Бишкек шаардык аскер прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Ал эми маркум жоокердин жакындары «Т-Медиа» басылмасына ал өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтышкан. Анын эжеси Гүлмира Артыкованын айтымында, маркумдун жамбашынын бир тарабы тигилген жана денесинде көк-ала тактар болгон.

«Биздин оюбузча Бексултан ошол жердеги туура эмес бир ишти билип калган. Себеби анын дайыма чындыкты сүйлөгөн, бетке айткан сапаты бар эле. Ушуну байкап калышкан. Же болбосо андан башка бир нерсени талап кылышканда баш бербей койгон. Анан уруп өлтүрүп койгон. Иштин акыйкат чечилишин суранабыз. Ошол жердеги жоокерлердин баары билет деп ойлойбуз. Инимди түндө алып чыгып өлтүрүп коюшкан», — деген Артыкова.

Ошондой эле, жоокердин жакындары иштин акыйкат тергелишин талап кылышкан.

Буга чейин өткөн жылдын ноябрында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында №12544 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер асынып өлгөн. Маркумдун сөөгү аталган аскер бөлүктүн автопаркынан табылган.

Мындан сырткары, декабрь айында да Алай районунун Гүлчө айылындагы №92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн ефрейтор каза болгон. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы ефрейтор тактикалык машыгуудан келе жатып жогорку вольттогу электр зымдары өткөн жолдо токко урунганын билдирген.

Ефрейтор оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө эки күн жаткандан кийин көз жумган. Кийинчерээк аталган аскер бөлүгүнүн командири Мелис Бошкоев жетектөөдөгү шалаакылыгы үчүн кызматынан бошотулган.