Бишкек шаардык соту Текебаевге мандат берилгенин жараксыз деп тапты

Бишкек шаардык соту 25-декабрда Административдик соттун Борбордук шайлоо комиссиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деген чечимин күчүндө калтырды.

Текебаев өзү сот чечимине макул эместигин билдирип, аны «саясий жүйөөлүү буйрук» деп атады. Саясатчы Кактус.медиага курган маегинде билдиргендей, ал сотко кайрылбайт жана «мандатын алып коюшканга чейин» депутаттык ишин улантат.

«Мыйзамда мандат номер боюнча эмес, кийинки турган же кезектеги талапкерге берилет деп жазылган. Мен талапкерлер тизмесинен чыккан эмесмин, демек мен кезектеги талапкер болчумун. Эгер актоо өкүмү чыгарылса, анда сот БШКны мандатты кайтарып берүүгө милдеттендирмек, ошондо БШК кимдин бирөөнүн мандатып тартып алмак. Бирок мындай чечим чыккан эмес», — деп билдирди саясатчы.

БШКнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына маалымшакандай, комиссия дагы деле чечимди Жогорку сотто даттана алат. Бирок БШК азырынча кассациялык арыз берип-бербөөнү чече элек.

Мурдараак БШКнын аракетине даттанып Административдик сотко арыз берген активист жана пэт Темирлан Ормуков фейсбук барагында кийинки кадамы менен Текебаев катышкан Жогорку Кеңештин чечимдеринин бардыгын жокко чыгартуу үчүн Конституциялык палатага кайрыларын жазды.

«Мен 15-октябрдан бери Текебаев катышкан актылардын баарынын үстүнөн даттанам, мунун баары мыйзамсыз болушу мүмкүн. Анткени ал жерде көчөдөн келген адам [Өмүрбек Текебаев] катышкан», — деп билдирген Ормуков.

Текебаевге мандаттын берилиши

23-ноябрда Бишкектин Административдик соту БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деген чечим чыгарган. Сот мындай чечимди активист Темирлан Ормуковдун доосу боюнча чыгарган.

Шайлоо комиссиясы 15-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтарып берип, ал кайрадан парламентке депутат болуп келген. Мурдараак комиссия ага алтынчы чакырылышта бош орундук жок болгондуктан мандатын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй эле анын партиялашы Садык Шер-Нияз Текебаевдин парламентке келиши үчүн мандатынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Ал БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атына арыз жазып, мандатын партиянын лидеринин пайдасы үчүн жокко чыгарууну өтүнгөн.

Текебаев 2017-жылы коррупция жана опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылып, саясатчы депутаттык мандатынан ажыратылган.

Текебаевде Жогорку Кеңешке кайтып келүү мүмкүнчүлүгү Жогорку сот оппозиционердин буга чейинки инстанциядагы соттордун өкүмүн жокко чыгаргандан кийин пайда болгон. Ушул тапта Текебаевдин кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Саясатчыга айыптоо өкүмү чыкканга чейин парламентте иштөөгө укугу бар.