Өлкөдө коронавирус 122 кишиден аныкталып, 230 бейтап айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 1-январда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 122 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктургандардын арасында төрт медициналык кызматкер бар.

COVID-19 инфекциясынын 43 учуру Бишкек шаарында катталды — анын ичинде бир медкызматкер бар. Ошондой эле илдет Чүй облусунда — 39 (эки медкызматкер), Ысык-Көл облусунда — 25, Ош облусунда жети, Жалал-Абад жана Баткен облустарында үчтөн (бир медкызматкер), Нарын облусунда эки кишиден аныкталды.

Ал эми коронавирустан акыркы суткада 230 бейтап сакайды — алардын арасында тогуз медик бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 94, Чүй облусунда — 54, Ысык-Көл облусунда — 28, Ош облусунда — 26, Баткен облусунда тогуз, Жалал-Абад облусунда жети, Ош шаарында алты, Талас жана Нарын облустарында үчтөн бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Бишкек шаарында COVID-19 жуктурган бир бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 81 156га жетти. Анын ичинен 76 148 бейтап айыгып, 1 356 киши көз жумду. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Коронавирустун аймактар боюнча жалпы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 26 877;

Чүй облусу — 11 546;

Жалал-Абад облусунда — 9 805;

Ош облусунда — 8 252;

Ысык-Көл облусунда — 7 227;

Баткен облусунда — 7 137;

Ош шаарында — 5 511;

Талас облусунда — 2 545;

Нарын облусунда — 2 256.

Бүгүнкү күндө илдеттен 991 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 50 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 746 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.