Өлкөдө коронавирустун жаңы 58 учуру катталып, 203 бейтап айыкты

Республикалык штаб 2-январда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 58 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктургандардын арасында эки медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 30 (бир медик, кызыл зонада иштеген);

Чүй облусу — жети;

Ысык-Көл облусу — жети (бир медик);

Ош шаары — беш;

Нарын облусу — төрт;

Баткен облусу — үч;

Талас облусунда — эки адамдан илдет аныкталды.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан 203 бейтап айыкты — алардын арасында беш медик бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 75, Чүй облусунда — 42, Ысык-Көл облусунда — 38, Ош шаарында — 17, Жалал-Абад облусунда — 13, Ош облусунда — жети, Баткен облусунда — алты, Талас облусунда — үч жана Нарын облусунда эки бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары Бишкек шаарында COVID-19 жуктурган эки бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 81 214кө жетти. Анын ичинен 76 351 бейтап айыгып, 1 358 киши көз жумду.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Бүгүнкү күндө илдеттен 985 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 49 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 1 604 адам үй шартында дарыланууда.