Бекдөөлөт Абакиров Ош мэриясынын спорт комитетин убактылуу жетектейт

Бекдөөлөт Абакиров

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Бекдөөлөт Абакиров дайындалды. Ал учурда 29 жашта. Бул тууралуу «Клоопко» Ош мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Абакиров спорт комитетин убактылуу жетектеп турат. Эки ай ичинде бул кызматка сынак жарыяланып, ошонун негизинде жетекчи тандалат», — деди Ош мэриясынан.

Абакиров буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык «Жапалак» автоунаа базарынын директору болчу. Ош мэриясынан билдиришкендей, ал күрөш боюнча спорт чебери.

Ошондой эле, Абакиров «Аттила» аталышындагы спорт клубун жетектейт.

Мындан сырткары, «Кактус» басылмасы Абакиров Ош шаардык кеңешке шайлоого «Биримдик» партиясынан катышканын жазган. Бирок пандемиядан улам жергиликтүү шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Буга чейин спорт комитетин Кылыч Саркарбаев жетектеп келген. Ал жасалма паспорт алууга шектелип, УКМК тарабынан кармалгандан кийин кызматтан бошотулган. Саркарбаев учурда УКМКнын тергөө абагында.

Тема боюнча:

УКМК: Кылыч Саркарбаев соттолгондугун жашыруу максатында жасалма паспорт алган

Ош: Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды

Кылыч Саркарбаев Ош мэриясынын спорт комитетинин башчылыгынан бошотулду