Ош: Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды

Кылыч Саркарбаев. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Ош шаардык мэриясынын спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

«Ош шаардык соту Саркарбаевдин баш коргоо чарасын 18-декабрда карап, Ош облустук прокурордун эки айга камакка алуу өтүнүчүн канааттандырды», — деп бидирди Ош облустук соттон.

Спорт комитетинин жетекчиси жасалма паспорт алууга шектелип 17-декабрда кармалган. Ал 2006-жылы «Тоноо» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилген. Саркарбаев өзүнүн соттолгондугу тууралуу маалыматты жаап-жашыруу максатында жасалма документтер менен жалпы жарандык паспорт алганы айтылган.

Ал аты-жөнүн өзгөрткөнгө чейин Кылыч Сулайманов Асылбекович болгон. Өзгөртүлгөн паспорт менен Ош шаардык спорт комитетинин башчылыгына келген.

Ошондой эле, УКМК Саркарбаев уюшкан кылымыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта экендигин маалымдаган. Мындан сырткары, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышып, эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер менен ок атышууга да аралашкан деп билдиришкен.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан Саркарбаевдин ишин кароо боюнча комиссия түзүлгөнүн билдиришти.

«Комиссия Саркарбаевди кызматынан алуу чечимин кабыл алган. Анын милдетин жаңы жетекчи дайындалганга чейин орун басары аткарып турат», — деп Ош мэриядан кабарлашты.

Кылыч Саркарбаев ким?

Сакарбаев Ош шаардык мэриясынын спорт комитетин 2017-жылдан тарта жетектеп келет.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдаган. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экенин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алганын билдирген. Ал эми Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарлаган.

Анткен менен спортчу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видео кайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутка тапанча менен атканын айткан. Мындан сырткары, ал Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген.

Ал эми Саркарбаев өзү муну төгүндөп, ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында «кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат» деген пикирди айткан.

Мындан улам Саркарбаев үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан убактылуу иштен четтетилип, кайра августта ишке кайткан. Ош мэриясы Саркарбаев укук коргоо органдарынан Кара-Суу районундагы атышууга тиешеси жок деген документтерди алып келгендигин маалымдаган.