Текебаев «Ата Мекен» фракциясынын лидерлигин Айсулуу Мамашевага өткөрүп берди

Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясынын лидерлик ыйгарымдарын өткөрүп берди. Партиянын жаңы лидери болуп Айсулуу Мамашева дайындалды.

Мындай чечим партиянын 5-январда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынды. Лидердин орун басарлыгына депутат Наталья Никитенко шайланды.

Мамашева буга чейин да — 2019-жылдын декабрынан 2020-жылдын октябрына чейин, Текебаевге депутаттык мандат кайтарылып, ал кайрадан фракциянын лидери болуп калганга чейин партияны жетектеген.

Текебаев Kaktus.media басылмасына курган маегинде партиядан депутат Гүлнара-Клара-Самат дагы чыгарылганын билдирген. Анын айтымында, партия мүчөлөрү фракциянын иштерине катышпагандыгы үчүн депутатты партиядан четтетүү чечимин кабыл алышкан.

«Депутат фракцияда иштеп, анын иштерине катышыш керек. Ал болсо катышпай, фракция менен байланышты жоготуп алган», — деди Текебаев.

Текебаев партиядан кетүү боюнча чечимди өзү кабыл алганын белгиледи. Бирок ал дагы деле парламенттин депутаты бойдон калууда.

Мурдараак Бишкек шаардык соту БШК ага депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деген Административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Анткен менен Текебаев соттун чечимине макул эместигин билдирип, «мандатын тартып алмайынча» депутаттык ишин уланта берерин билдирген.

«Боршайкомдун чечимин эки сот инстанциясы жокко чыгарды. БШК бул чечимди аткарууга шашпайт жана ал апелляциялык доо арыз бере алат. Ошондуктан мен азырынча Жогорку Кеңештин депутаты болуп саналам, бирок фракциянын лидеринин ыйгарымдарын тапшырдым», — деди Текебаев.

Комиссия шаардык соттун чечимин Жогорку сотко даттана алат. Бирок БШК азырынча доо арыз берүү тууралуу чечим кабыл ала элек.

Текебаевге мандаттын берилиши

23-ноябрда Бишкектин Административдик соту БШК Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатты мыйзамсыз берген деген чечим чыгарган. Сот мындай чечимди активист Темирлан Ормуковдун доосу боюнча чыгарган.

Шайлоо комиссиясы 15-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге мандатын кайтарып берип, ал кайрадан парламентке депутат болуп келген.

Мурдараак комиссия ага алтынчы чакырылышта бош орундук жок болгондуктан мандатын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй эле анын партиялашы Садык Шер-Нияз Текебаевдин парламентке келиши үчүн мандатынан баш тартууга даяр экенин билдирген. Ал БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын атына арыз жазып, мандатын партиянын лидеринин пайдасы үчүн жокко чыгарууну өтүнгөн.

Текебаев 2017-жылы коррупция жана опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылып, саясатчы депутаттык мандатынан ажыратылган.

Текебаевде Жогорку Кеңешке кайтып келүү мүмкүнчүлүгү Жогорку сот оппозиционердин буга чейинки инстанциядагы соттордун өкүмүн жокко чыгаргандан кийин пайда болгон. Ушул тапта Текебаевдин кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлгөн. Саясатчыга айыптоо өкүмү чыкканга чейин парламентте иштөөгө укугу бар.