Кара-Суу: «Жапаров менен жолугушууга үчтөн ата-эне алып келгиле» делген маалымат териштирилет

6-январда соцтармактарда «№82 мектеп» аттуу WhatsApp тайпасында «Токобаева» деген тургундун ар бир мугалим президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушууга үчтөн ата-эне алып келиши керек деп жазган билдирүүсү тарады.

«Бүгүн ата-энелерди тактап, аты-жөнүн жазып, “барам” деп кол койдуртуп, Нурипага жана мага апкелип тапшыргыла. Сөзсүз! Ата-энелер эртең саат 10:30га ФАПтын жанына келишсин», — деп жазылган билдирүүдө.

Ош ОИИБинин басма сөз кызматы «Клоопко» «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталып, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

«6-январда Кашкар-Кыштак айылындагы №82 орто мектебинин директору Токобаева кол астында иштеген мугалимдер аркылуу ата-энелерди Жапаров менен жолугушууга алып келип жатат деген маалымат жана сүрөт текшерилип жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет», — деп билдирди Ош ОИИБиден.

Мындан сырткары, социалдык тармактардга Жапаровдун үгүт иш-чарасына Кара-Суу шаарында 50дөн ашуун кичи автобустар менен жолугушууга тургундар ташылып жатат деген да видеотасма тараган.

Облустук милициядан аталган маалымат текшерилгендигин билдирип, кичи автобустардын айдоочулары суралганын маалымдады. Анын жыйынтыгында шайлоочуларды массалык ташуу аныкталган эмес.

«Кичи автобустар Ош — Кара-Суу, Кара-Суу — Кенжекул, Кара-Суу — Савай, Кара-Суу — Кызыл-Кошчу багыттагы каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар экендиги аныкталды. Айдоочулар жүргүнчүлөр өз ыктыярлары менен кадимкидей эле жол акыларын төлөп, жолугушуу болгон жерге барып жатышкандыктарын билдиришкен», — деп түшүндүрүштү милициядан.

Садыр Жапаров 6-январда Кара-Суу шаарында үгүт иш-чарасынын алкагында тургундар менен жолугушкан. Ага 100дөгөн киши катышкан.

Буга чейин да өткөн жылдын октябрында парламенттик шайлоого карата Кара-Суу районундагы Сыдык Алайчы атындагы мектебинин мугалимдерине WhatsApp тиркемесинен үн билдирүү аркылуу «ар бирине ондон шайлоочу таап келүү» боюнча буйрук берилген. Антпесе аларга маяна берилбей турганы белгиленген.

«Т-Медиа» басылмасы жеке булактарына таянып, мугалимдерге кайрылган аял Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова болушу мүмкүн деп божомолдогон. Машрапова өзү да парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын аттанып жаткан.

Ал эми Машрапова Сыдык Алайчы атындагы мектепке барып шайлоочулар менен жолугушканын, бирок мугалимдерге ондон шайлоочу табуу боюнча буйрук бербегенин айткан.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышып жатат. Мындан сырткары, бул күнү мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Шайлоочулар президенттик же парламенттик башкарууну тандоо боюнча добуш берет.

Тема боюнча:

Кара-Суу: Мугалимдерге «10 шайлоочу таап кел» делген маалымат боюнча тергөө башталды