Кара-Суу: Мугалимдерге «10 шайлоочу таап кел» делген маалымат боюнча тергөө башталды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сыдык Алайчы атындагы мектебинин мугалимдерине WhatsApp тиркемесинен үн билдирүү аркылуу «ар бирине ондон шайлоочу таап келүү» боюнча буйрук берилген. Антпесе аларга август айынын маянасы берилбей турганы белгиленген.

Социалдык тармактарга тараган үн билдирүүдө буйрук берген аял мугалимдер он шайлоочуну таба албаса мектепке келбесин да айткан.

«Урматттуу эжекелер, Каймуратова, Батырова, Абдуллаева Алтынай, Чынасылова Тахмина, Бекешова Гүлзира, Гүлгаакы, Атыргүл, Сабиралиева Чынара, Зарина, Бурма, Күмүш эже, Тамара эмнеге штабка келбедиңер? Мен айткан сөзүм силерге таасир этпей жатабы? Түнү болсо да штабка барасыңар. Азыркы мен атаган мугалимдерден 10 шайлоочу чыкпаса мектепке келбей эле кой. Августтун айлыгын жазбайм», — деген үндү угууга болот.

Ошондой эле, ушул эле аялдын экинчи үн билдирүүсүндө мугалимдер агитаторлор менен иш баштай берүүсү айтылат.

«Башка суроо жокпу? Бактыяр уктуңбу? Ар бир мектеп директору штабка барат. Мугалимдерге эжең буйрук берип жатат дебегин, мен буйрук берген жокмун, мүнөзүм ушундай. Мугалимдер конкреттүү иш кылат. Агитаторлорду коюп, ишти баштагыла», — деген ал.

«Т-Медиа» басылмасы жеке булактарына таянып, мугалимдерге кайрылган аял Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова болушу мүмкүн деп божомолдоду. Машрапова парламенттик шайлоого аттанып жатат. Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №48 орунда турат.

Машрапова өзү Сыдык Алайчы атындагы мектепке барып шайлоочулар менен жолугушканын, бирок мугалимдерге ондон шайлоочу табуу боюнча буйрук бербегенин айткан.

«Мен эч качан өзүм мугалим болуп туруп, “Сен 10дон адам таап кел” деген аял эмесмин. Мен элдин добушун сатып, өзүмдүн мугалимимди мажбурлап депутат болбой эле койдум. Мунун баары жалган. Сыдык Алайчы мектебине өзүмдүн программам менен тааныштырайын деп эле баргам. Бир эле мугалимдер эмес, ата-энелер, жаштар да болгон», — деди Машрапова.

Бирок соцтармактарда тараган үн менен Машрапованын үнү окшошуп кетерин байкоого болот.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» бул окуя мындан эки күн мурун орун алгандыгын билдирди. Ошондой эле, аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи.

«Тергөөгө ошол үн билдирүүдөгү аталган фамилиялардагы адамдар чакырылып, суракка алынып жатат. Мындан сырткары үн кимге таандык экенин аныктоо боюнча экспертизалар да дайындалды», — деди Аширбаев.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын Кыргызстандагы таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланышы бар экени айтылып келет. Партиянын тизмесинде депутат Искендер Матраимов, аларга таандык «Исмаил Матраимов» атындагы фонддун өкүлү Элнура Алканова жана алардын адвокаты Канатбек Азиз да бар.

Кара-Суу районун Тилек Матраимов жетектейт. Ал эми анын агасы Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты.

Мугалимдерди «Биримдик» партиясын шайлатуу аракети

11-сентябрда «Биримдиктин» талапкери, парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева, Өзгөн районунда Кароол жана Мырза-Арык айылынын тургундары менен жолугушкан. Касымалиеванын жардамчысы Сүйөрбек Амановдун жолугушуудан сүрөттөрдү жүктөгөн. Алардын арасында мугалимдери да болгон болушу ыктымал.

Анткени ага чейин «Клооптун» Оштогу бюросуна Кароол айыл өкмөтүндөгү Бөрү Асранкулов атындагы мектептин мугалимдери кайрылып, Касымалиеванын иш-чарасына чогулуп жатышканын билдиришкен. Атын атагысы келбеген мугалимдердин бири мындай тапшырманы окуу жайдын жетекчилиги бергенин айткан.

Ошондой эле, ал редакцияга аудиожазма жөнөткөн. Анда мектеп жетекчилиги башка партияларга иштеп жаткан мугалимдерди «Биримдикти» шайлагыла деп айткан.

«Биз мамлекеттен айлык алып, мамлекеттен акча жеп жаткандан кийин ушул мамлекеттин партиясын гана колдошубуз керек. Мына өзүңөр көрдүңөр, карантин мезгилинде эч кандай сабак болбогон учурда деле айлыгыңар токтогон жок. Өз убагында алып жаткансыңар», — деген Асранкулов мектебинин жетекчилеринин бири.

Мындан сырткары 18-августта, Орто Азия боюнча күрөш федерациясынын вице-президенти Нуркан Осмоналиев Касымалиева анын аялы Рахат Камбардиновага «басым» жасаганына даттанган. Камбардинова — Ош облусунун Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы №53 мектебинин директору.

Осмоналиевдин айтымында, Касымалиева анын аялы жетектеген мектептин мугалимдери «Мекеним Кыргызстан» партиясына иштеп жатканына доомат койгон.

Ал эми «Биримдик» партиясынан Касымалиева басым кылганын четке кагышкан, бирок сүйлөшүү болгонун тастыкташкан. Ошондой эле «мектеп жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, эч бир партиянын атынан үгүт жүргүзүүгө укугу жоктугун туура белгилеген» деп билдиришкен.

Тема боюнча:

https://ky.kloop.asia/2020/09/10/oshto-mugalimderdi-birimdiktin-talapkerleri-menen-zholugushuuga-mazhburlap-zhatyshat/