«Маңзат ташуудан акча өндүрүп турган». Сегизбаев Жапаров жана Максим Бакиев тууралуу

УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев Жапаровдун командасында качкын президент Курман Бакиевдин уулу Максим жана иниси Жаныш Бакиевдердин адамдары бар экенин ашкереледи.

Сегизбаев премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиков — «апасынын курбусунун баласы», тактап айтканда Максим Бакиевдин апасынын курбусунун баласы деп билдирди. Ошондой эле, Сегизбаевдин айтымында, Жапаровдун өкүлү Александр Мощин — качкын президенттин уулунун юристи.

«Ушул учурда Садыр Жапаровдун эң жакын, ыйгарым укуктуу өкүлү — бул Александр Мощин. Ал Максим Бакиевдин жеке адвокаты. Мындайча алганда, бардык дайындоолор, Бектур Зулпиевден баштап Бекбосун Абсаттаровго чейин — бардыгы Максим же Жаныш Бакиевдин адамдары», — деди Сегизбаев.

Чындыгында эле, көп жыл мурда Александр Мощинди Максим Бакиевдин айланасындагылар менен байланыштырышкан.

Бакиевдер менен байланышын Сегизбаев кылмыш ишиндеги фактылар менен бышыктаган.

«Бул Жогорку соттун чечими. Мында жазылып турат: «2007-жылдын 10-августунда Райкүл Жапарова Надилдин (Максим Бакиевдин досу) катышуусунда 2007-жылдын 11-августу түнкү саат 2ге чейин «Исык-Көл» инвест банкын зордук менен, имараттын терезелеринин темир тосмолорун бузуу аркылуу басып алган.

Андан кийин Райкүл Жапарова «Исык-Көл» банкынын номиналдык өкүлү катары, банктын ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча Надилдин бардык тапшырмаларын аткарып турган». Мына соттун чечими. Бир тууганың эмне иш кылганынан кабарың жок болсо, көрүп ал. Силер банкты басып алгансыңар», — деп Сегизбаев документтерди көрсөткөн.

Сегизбаевдин колунда бир топ документтер болгону менен, КТРК атайылап эле аларды кеңири планда көрсөтпөй койгон. Сегизбаев Жапаров Максим менен бирге акча өндүрүп жүргөнүн айткан.

«А бул болсо Улуттук банктын документтери. Ал [Садыр Жапаров] ушул банк аркылуу Максим Бакиевге 5 млрд доллар өндүрүп берген. Башкача айтканда, маңзат ташуудан, курал-жарак сатуудан түшкөн акчалар. Бул акчаларды айландырып отуруп таптазы кылып чыгарып, өзүнүн үлүшүн алып кеткен — Максим Бакиев жана анын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров», — дейт ал.

Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда Жапаров парламент депутаты, президенттин кеңешчиси жана Кыргызстандын коррупциянын алдын алуу агенттигинин комиссары болгон. Бакиевдин бийлиги анын кичүү уулу Максим Бакиевдин массалык рейдерлик басып алуулары менен белгилүү болгон.

Сегизбаевдин айтымында, Жапаровдун бийликке келишин «ак-жолчулар» каржылаган.

«Эң маанилүүсү, бул Садыр Жапаровдун шайлоо фонду. Ал өзү пенсионерлерден топтолду деп жатпайбы, пенсионерлерден бир тыйын дагы түшкөн жок. Бардыгын ак-жолчулар (Бакиевдин партиясы), Жаныш Бакиев менен байланышы бар адамдар берди. Алар миллиондорду беришти. Кайсыл бир пенсионер акча которгонун мен көргөн жокмун», — деди президенттикке талапкер.

Бакиев дегендер ким?

Садыр Жапаров шайлоо алдындагы агитация учурунда «эгер эл кечирсе» Кыргызстанга эки качкын президентти кайтарарын билдирген — Орусияда жашап жаткан Аскар Акаевди жана Беларуста турган Курманбек Бакиевди.

Жапаров өзү өлкөдөн качкан Акаевдин отставкасын кабыл алган депутаттардын арасында болгон, андан соң ал Курманбек Бакиевдин командасында иштеген.

Мурдагы бозгун президент Курманбек Бакиев Кыргызстанда сыртынан 24 жылга эркинен ажыратылган, ал эми анын бир тууганы, Мамкүзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиевге карата өмүрү өткүчө эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Курманбек Бакиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ишинин эки эпизоду боюнча тең күнөөлүү деп табылды. Мурунку президент алардын ар бири үчүн үй-мүлкүнөн ажыратылуу менен 12 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылды. Анын камактагы жалпы мөөнөтү 24 жылды түздү.

Жаныш Бакиев адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Бакиевдин уулу Максим махинациялары жана рейдерлик басып алуулары үчүн ага сыртынан өкүм чыгып, мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылган.

Жалпысынан, Бакиев, анын туугандары жана башка жакын адамдары төмөнкү кылмыштарга айыпталган:

  • «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы өзгөчө артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;
  • «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
  • «Ысык-Көл» компаниясынын 20% акциясын сатууга мажбурлоо;
  • Максим Бакиев жана ага жакын адамдардын Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Учкун» басмаканасынын жанындагы 904,6 м² имаратты жана 0,385 га жерди мыйзамсыз менчиктеп алуулары;
  • «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;
  • «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;
  • 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү.

Курманбек Бакиев 10 жылдан бери Белоруста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта ондогон адамдар курман болгон.

Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Убакыттын өтүшү менен анын башка тууган-уругу дагы Белоруска көчүп барган — мурдагы президенттин жээни Асылбек Салиев жана небереси — Марат Бакиевдин уулу — Руслан Бакиев.

Бакиевдер Белоруста хан сарайларда жашап, мамлекеттик корпорацияларга жана ири бизнеске акча салып келишет.

Ал эми Максим Бакиев Улуу Британияда жашайт — анын Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайы бар.