Таш-Көмүрдө кырсыктаган милиционер боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай шаарчасынын жана Таш-Көмүр шаарынын ортосундагы автожолдо 6-январда милициянын майору кызматтык унаа менен жол кырсыгына кабылды. Ал учурда облустук ооруканада. Жалал-Абад ОИИБиси «Клоопко» бул жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Ага ылайык, ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгына таандык болгон. Ал эми кырсыкка учураган кызматкер аталган башкармалыктын аймактык инспектору болуп эмгектенет.

«Милициянын майору Т.К. унааны жумуш учурунда, соо абалда башкарып келе жатып, тумандан улам жол жакшы көрүнбөй, унаанын дөңгөлөгү чуңкурга түшүп кетип, жол кырсыгына учураган», — деп билдирди Жалал-Абад ОИИБи.

Буга чейин мындан эки жыл мурун Ош облусунун Араван районунда «мас» абалдагы патрулдук милициянын инспектору кызматтык унаа менен тосмону сүзүп, ошол жерде «уктап калган».

Активист Болот Ибрагимов өзүнүн фейсбук барагында «рулдагы инспектор чылгый мас болгон. Аны ойготууга аракет кылышканы менен ал ойгонгон эмес» деп жазган. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан бул жол кырсыгы боюнча маалыматты ырастаган эмес.